ВИДЕО: 16 жаштагы кыз сүйлөгөнү менен дүйнөгө, спикер Кыргызстанга дүң болду

ВИДЕО: 16 жаштагы кыз сүйлөгөнү менен дүйнөгө, спикер Кыргызстанга дүң болду

Кечээтен бери ЖК спикери Дастан Жумабеков калктын көңүл борборунда, социалдык тармактын чордонунда калды. Сүйлөө жагынан аны эл 16 жаштагы окуучу кыз менен салыштырууда…

Алгач Дастан Жумабековдон баштасак, ал Казакстан өлкөсүнүн Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумуна барып, кечээ сөз сүйлөгөн. Тагыраак айтканда, орусча жазылган тексти шашып, шыр окуй албай шылдың болду. Мунусу менен ал даярданбай барганын билгизип койду. Аны азыркыга чейин 16 жаштагы швециялык активист кыздын сүйлөгөнүнө салыштырып сындашууда.. Чынында эле, сүйлөө жагынан окуучу кыз дүйнөгө, биздин спикер болсо Кыргызстанга дүң болду.

Спикердин сүйлөгөнүн төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Эми өспүрүм кызга келсек, учурда, Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын климат боюнча саммити өтүүдө. Ага дүйнөнүн төрт бурчунан келген президенттер, премьер-министрлер, тышкы иштер министрлери (биздин ТИМ министри Чыңгыз Айдарбеков) катышууда. Саммитке 16 жаштагы швециялык активист, окуучу кыз Грета Тунберг да катышып, дүйнө лидерлерин уят кылды. Ал биздин спикердей болуп алдындагы кагазды шашып окуган жок, ары таза, ары баеолугу менен олуттуу отуруп алып, орундуу сүйлөдү. «Мен силерге айтайын дегеним, биз силерди көзөмөлдөп турабыз!”,-дегенде күлүп, кол чаап жиберишти. “Эмне күлөсүңөр?” деп андан ары сөзүн улантты. “Азыр бул жерде эмес, океандын ары жагындагы мектепте болушум керек болчу. Сиздер курулай сөзүңөр менен менин кыялымды, балалыгымды уурдадыңыздар. Адамдар өлүп, бүтүндөй экосистема кыйрап жатат. Баарыбыз жок болуу алдындагы коркунучта турабыз. Сиздер болсо сүйлөгөнүңөр акча, дүйнөлүк экономикалык өсүшү. Ушуга кантип дитиңер барды?»,-деди.

Өспүрүм кыздын ачуу чындыкты айткандарын төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.