“Малахов биздин каарман эмес”,-дейт Орусиянын Кыргызстандагы Элчилиги

“Малахов биздин каарман эмес”,-дейт Орусиянын Кыргызстандагы Элчилиги

Эки күн мурун, 24-сентябрда “Россия 1” телеканалынын “Прямой эфир” ток-шоунун алып баруучусу Андрей Малахов: “10 долларга иштеген кыргыздар 100 миң доллар берсе, бардык буюртманы аткарат”,- деп кыргыздарды басынтып сүйлөдү. Ага алгач социалдык тармактагы коомчулук реакция кылып, “Малахов кыргыз элинен кечирим сурасын” аттуу акция уюштуруп башташкан.

Бүгүн Орусиянын Кыргызстандагы Элчилиги “Фейсбуктагы” баракчасына:Малахов биздин каарман эмес. Алып баруучу А.Малаховдун айтканы боюнча бир эле нерсе айтууга болот: адамды капа кылуу оңой, бирок, ошону менен жашоо кандай кыйын. Баарынан бүтүндөй элди басынткандын өзү эң жаман”,-деп жазды.

Эскерте кетсек, «Колбаса Королу» атыккан орусиялык миллиардер  Владимир Маруговдун баласы Александр мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жатып, кыргызстандык Исламбек Акбаровду машинасы менен кайрылганда урунуп, оор жаракат алып, каза болгон. Жол кырсыкта болгон окуя боюнча, 24-сентябрда «Россия 1» телеканалынын «Прямой эфир» ток-шоусунун алып баруучусу Андрей Малахов эки тараптын адамдарын эфирге чакырган. Ал олигархтын үй-бүлөсүнө жан тартып, Исламбек Акбаровду адам өлтүрүүгө айыптап, анын туугандарын кемсинткен. Орусиянын Кыргызстандагы Элчилигинен барган өкүлдөргө да сөз бербей, жаман мамиле кылган.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.