Парламент менен Өкмөт дагы бекинип алып чек ара маселесин карап, караңгыда чыгышты…

Парламент менен Өкмөт дагы бекинип алып чек ара маселесин карап, караңгыда чыгышты…

Кыргыз-тажик чек ара маселесин кароо үчүн парламент кечке маал чогулушту. Депутаттар вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилери, тийиштүү органдардын өкүлдөрүнүн буга чейинки токтомдордун аткарылышы боюнча маалыматын дагы бекинип алып угушту.

Алар кандай маалымат бергени, албетте, баарыбызга кызык. Жыйын кандай өтүп, чек ара кандай чечилгенин ЖКнын басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу журналисттерге билдирди. “Жыйын кечке маал башталып, саат кечки 9га жакын аяктады”. Өкмөт жасалган иштери, пландары тууралуу маалымат берди. Буга чейинки аткарылбай калган иштер боюнча кошумча тапшырмалар, мөөнөт берилди. Суроо-жооп, талкуу болду. Маселе кеңири каралды»,-дейт Ибрагим Нуракун уулу.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда Баткен облусунун Максат айылына жакын кыргыз-тажик чек арасында атышуу болгон. Атышууда 13 адам жаракат алып, чек арачы Равшан Муминов каза болгон.

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: «Депутаттар үйлөрүнө бекинип алып өткөрүшсө деле эл кызыкпай калды”

Парламент 19-сентябрда да кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча Өкмөттүн маалыматын жабык эшик артында уккан. Бу жолу да ушундай болду. Бекинип алып уккандары боюнча экс-депутат, профессор Каныбек Осмоналиевден маек алганбыз. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.