Өмүрбек Бабанов Москвага эмнеге кеткенин айтты…

Өмүрбек Бабанов Москвага эмнеге кеткенин айтты…

Экс-депутат, “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов кечээ (26-сентябрда) эртең менен Москвага учуп кеткени маалым болгон. Айрым сайттар: “Ал качып кетти, эми кайтып келбейт”,-деп жазып чыгышкан. Ошого жооп кылдыбы, айтор, Бабанов “Фейсбуктагы баракчасына мындай деп жазды. “Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн менин персонама болгон кызыгуусуна ыраазычылык билдирем. Мен өз иштерим менен алекмин, алар ички да, эларалык да каттамдарга чыгууну талап кылат. Эч жакка, эч кимден качкан эмесмин, качкан жокмун. Сиздер билгендей, күбө катары тергөө органдарына өз убагында барып турам, ушул убакыттын ичинде аларга бардыгын түшүндүрүп, актыгымды далилдей алдым деп ишенем. Ал эми менин кыймылыма чектөө жок. Андыктан өз иштерим менен тышка учуп чыккам, анан, албетте, өз мекеним Кыргызстаныма келем

Бабанов жөнүндө УКМКнын билдирүүсү…

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, Бабановдун сыртка чыгышына мыйзам жол берет.Эми ага коюлган кылмыш иштери боюнча ал күбө катары гана өтүп жатат. Андыктан мыйзам боюнча анын сыртка чыгышына эч кандай чектөө да, тыюу да жок”,-деген пикирин кечээ “Азаттыкка” билдирген.

Эскерте кетсек, Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышкан. Ага кылмыш иши козголгон соң, Кыргызстандан чыгып кеткен. Тагырагы, ага Башкы прокуратура эки кылмыш ишин козгогон: «Улут аралык кастыкты козутуу» (Ош шаарынын Амир-Темирде сүйлөгөн сөзү боюнча) жана «бийликти күч менен басып алуу». Ушунун негизинде аны УКМК суракка чакырган.

Бабанов 2018-жылы саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген. Быйыл Кыргызстанга кайтып келем деп биринчи жолу келбей калган. Экинчисинде, Атамбаевди кармоо операциясы менен алышып жаткан учурда келем деген кабар айткан. Аны уккан УКМК Бабанов Кыргызстанга келсе, коюлган кылмыш иши боюнча мыйзам чегинде жоопко тартылаарын 8-августта эскерткен. Сурактан качпасын билдирип, эртеси эле, 9-августта Бишкекке учуп келген. Дал ошол күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны болуп, ага Орусия, Казакстан, Армения, Белоруссиянын премьер-министрлери келген.

Келгенден бери Бабанов өзүнө козголгон иштер боюнча, УКМК менен Финполицияга көп жолу чакырылып, сурак берип чыккан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.