Малахов Ташиев менен Жекшенкуловду “уруштуруп” койду, экөө кайым айтышты…

Малахов Ташиев менен Жекшенкуловду “уруштуруп” койду, экөө кайым айтышты…

Бүгүн 51 жашка чыгып, туулган күнүн белгилеп жаткан Камчыбек Ташиев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловго Малаховдун кыргыздарды басынтып сүйлөгөн сөзүнө жооп берип, кыргызстандыктардын укугун коргоого чакырган. Мындай пикирин ал “Фейсбуктагы” баракчасына орус тилинде (жазганын Малахов да түшүнсүн деди окшойт, кыязы – авт.) калтырды. Кечке маал Аликбек Жекшенкулов ага жоопту орус-кыргыз тилинде кайтарды. Ал төмөндө, аны эч өзгөртүүсүз беребиз.

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Биздин мекендешибиз катышкан жол кырсыгынын айланасында түзүлүп жаткан кырдаал боюнча тынчсызданууңузду чын дилимден түшүнүп турам.
Азыр айрым журналисттер жана саясатчылар, Малаховго окшоп, тилекке каршы, ушул кырдаалдан да өзүнө упай топтоп алууну көздөп жатышат. Бирок, биз бул татаал кырдаалдан цивилизациялык жол менен, Сиз айткандай, айрым шовинисттердин айткандарына моюн сунбастан, мыйзамдуу түрдө чыгышыбыз керек.

Бул окуянын негизинде чыр-чатакты андан ары күчөтүү аракеттери улана бериши мүмкүн, бирок биз айрым саясатчылардын жасалма жол менен уюшулган талашына киришүүгө жол бербешибиз керек. Жол кырсыктын айланасында атайын ажиотаж түзүү, тергөөдө отурган мкендешибиздин тагдырына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Элчилик бул кырдаалды, жол кырсык боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү тыкыр көзөмөлгө алган жана укук коргоо органдары менен тыгыз иштешүүдө. Биз үчүн биринчи орунда мекендешибиздин укугун коргоо, анын тагдыры турат. Мен жана Элчиликтин кызматкерлери популизм менен алектенип, мекендештерибиздин тагдыры менен ойноого жол бербейбиз.

Биз, Сиз менен сот жана укук коргоо органдарынын таасирин бир топ эле көрдүк. Мамлекеттик машина тарабынан менен жеке адамга карата басым жасоо эмнеге алып келээрин жакшы билебиз. Мен дипломат жана саясатчы катары, жана Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи катары адам укугун коргоону эң алдыңкы орунга коем. Биздин мекендешибиз кайда болбосун, кайсы кырдаалда болбосун анын укугун коргойм. Бул кырдаалда дагы бир нерсени унутпашыбыз керек: зыян келтирип албоо!

Сизге жана мекендешибиздин тагдыры үчүн, элибиздин намысы деп күйгөн жалпы биздин бардык активдүү жарандарыбызга терең ыраазычылык билдирем”,-деген элчи А.Жекшенкулов.

Эскерте кетсек, орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун баласы Александр мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жатып, кыргызстандык Исламбек Акбаровдун машинасына урунуп, оор жаракат алып, каза болгон. Жол кырсыкта болгон окуя боюнча, 24-сентябрда «Россия 1» телеканалынын «Андрей Малахов. Прямой эфир” программасынын алып баруучусу Андрей Малахов эки тараптын адамдарын эфирге чакырган. Бирок, ал олигархтын үй-бүлөсүнө жан тартып, Исламбек Акбаровду адам өлтүрүүгө айыптап, анын туугандарын, кыргыздарды кемсинткен сөз айткан. “10 долларга иштеген кыргыздар 100 миң доллар берсе, бардык буюртманы аткарат”,-деген болчу.  Орусиянын Кыргызстандагы Элчилигинен барган өкүлдөргө да сөз бербей, жаман мамиле кылган.

«Малахов биздин каарман эмес!»

Мындай пикирин кечээ Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги айткан. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

 

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.