“Менин сөзүмдү кыргыздар туура эмес түшүнүп алыптыр”,-деген Малахов кечирим сураган жок.

“Менин сөзүмдү кыргыздар туура эмес түшүнүп алыптыр”,-деген Малахов кечирим сураган жок.

24-сентябрда «Россия 1» телеканалынын «Андрей Малахов. Прямой эфир” программасынын алып баруучусу “Смерт сына олигарха: случайность или убийство?” аталышта берүү уюштурган. Андагы эфирде ал кыргыздарды басынтып сүйлөгөн. Ошол айткан сөзү боюнча Андрей Малахов өзү жетектеген “StarHit” журналына, бүгүн (27-сентябрда) үн катты.

Анда ал: “Алып баруучунун жеке пикири Кыргызстандын жашоочулары тарабынан ушунчалык нааразычылык туудурат деп ойлогон эмесмин, эки күндүн ичинде 20 миң кайрылуу болду. Менин берүүмдө жанчылган энени коргойлу, аны менен кошо баласы эмнеден өлгөнүн териштиргибиз келген. Ошол териштирүүдө кыргыз боордоштор туура эмес түшүнүп калышкан окшойт. Мен эч качан эл аралык мамилеге доо кетирип көргөн эмесмин, тескеринче, адилеттүүлүк менен сөз эркиндигин колдоп келем. Мен кыргыздарды мен жакшы көргөн Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен гана эмес, мектепте сабак берген Семен Чуйковдун сүрөттөрү менен билем. Менимче, мен журналистик милдетимди гана аткардым. Ошондо биринчи жолу Татьяна Маругованын кейип-кепчиген сөздөрүн уктум, бирок, каргыш тийген окуянын күнөөкөрүн укпадым”,-деп гана тим болгон, кечирим сураган жок. Анда ал кечирим сурай тургандай сөз айткан.

Эскерте кетсек, “Чучук королу” (Колбасный король) атыккан белгилүү орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун баласы Александр мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жатып, кыргызстандык Исламбек Акбаровдун машинасына урунуп, оор жаракат алып, каза болгон. Жол кырсыкта болгон окуя боюнча, 24-сентябрда «Россия 1» телеканалынын «Андрей Малахов. Прямой эфир» программасынын алып баруучусу Андрей Малахов эки тараптын адамдарын эфирге чакырган. Бирок, ал олигархтын үй-бүлөсүнө жан тартып, Исламбек Акбаровду адам өлтүрүүгө айыптап, анын туугандарын, кыргыздарды кемсинткен сөз айткан. “10 долларга иштеген кыргыздар 100 миң доллар берсе, бардык буюртманы аткарат”,-деген.  Орусиянын Кыргызстандагы Элчилигинен барган өкүлдөргө да сөз бербей, жаман мамиле кылган.

Экс-депутат менен элчинин кайым айтышы…

Малахов үчүн «урушкан» Камчыбек Ташиев менен Аликбек Шекшенкуловдун кайым айтышын бу жердеги  ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.