Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Малаховго жан тарткан жообун берди

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Малаховго жан тарткан жообун берди

Андрей Малаховдун программасынын айланасындагы ызы-чуу боюнча Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүн “Интерфакс” маалымдады. Анда алар Кыргызстан менен Орусиянын эки тараптуу мамилесине тиешеси жоктугун баса белгилеп: “Андрей Малаховдун көз карашы – журналисттин абалга карата жеке пикири”,-деген. Муну менен катар алар  Кыргызстан элчилиги ММКлар жөнүндө мыйзамдагы укуктук жагын карасын дегендей ишарат кылып койгон. Мындай «маданияттуу» жообу менен алар Малаховго жан тартканын билдирди.

“Чучук королунун” баласынын өлүмүн териштирүүдөгү кемсинткен сөз

Эскерте кетсек, “Чучук королу” (Колбасный король) атыккан орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун баласы Александр мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жатып, кыргызстандык Исламбек Акбаровдун машинасына урунуп, оор жаракат алып, каза болгон. Жол кырсыкта болгон окуя боюнча, 24-сентябрда «Россия 1» телеканалынын «Андрей Малахов. Прямой эфир” программасынын алып баруучусу Андрей Малахов эки тараптын адамдарын эфирге чакырган. Бирок, ал олигархтын үй-бүлөсүнө жан тартып, Исламбек Акбаровду адам өлтүрүүгө айыптап, анын туугандарын, кыргыздарды кемсинткен сөз айткан. “Рулда башка өлкөдөн келген бир бечара олтурган, иштегенине аз эле болуптур. 10 долларга иштеген кыргыздар 100 миң доллар берсе, бардык буюртманы аткарат”,-деген.

А биздин ТИМчи, эмне деди?

26-сентябрда, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчи-өкүлү чакырылган. Ал жолугушууда аталган министрликтин өкүлү Малаховдун кыргыздарды кемсинткени коомчулуктун нааразылыгын жаратканын айтып, достук алака катыштагы Орусия ММКлары одоно ката кетиргенин баса белгилеген.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов болсо, бул боюнча пикирин кечээ Ташиевге жооп берип жатып билдирген. Ага чейин ЖК депутаты Кожобек Рыспаев бул маселени парламентте көтөрүп, «кыргыздарды кемсинтүүгө жол бербеш керек!»,-деп, чара көрүүнү сунуштаган.

Коомчулуктун сынына кабылган Малахов болсо кыргыздардан кечирим сураган жок, ал камырабай, «кыргыздар менин сөзүмдү туура эмес түшүнүп алды» деп гана кутулду.

Достук алакабызды бекемдөө үчүн деп биздин бийлик, келаткан жылды «2020-жылы — Орусия жылы» деп жарыялоону пландоодо…

 

 Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.