ВИДЕО: Темир Сариев хиджаб, чалма тууралуу салтты айтса, Чубак ажы да колдоп, түшүндүрдү…

ВИДЕО: Темир Сариев хиджаб, чалма тууралуу салтты айтса, Чубак ажы да колдоп, түшүндүрдү…

Тоголок каттын артынан том сөздөр чыгып, эски салт эске түштү…

“Учурда тырнактай кыздан кемпирге чейин араб улутунун салттуу кийимин (хиджабын) кийүү, жапжаш балдарыбыз сакалды сапсайтып өстүрмөйү күч алды. Мусулман мектеп ачылды. Бийлик ушуга жол берди. Бул ачуу чындык. Муну бийлик токтотпосо, өлкөбүз Араб өлкөсүнө айланып кетет. Кыздарыбыз капкара  хиджаб кийип, бети-башын чүмкөп, көздөрүн эле калтырууда. Бул өтө кооптуу көрүнүш”,-деген тоголок кат түштү редакциябызга.

Тоголок каттын артынан эзелки салтыбыз эске түштү. Тээ ата-бабабыздан бери келаткан салтыбыз, кийим-кечебиз тууралуу биздин атактуу, көрүнүктүү адамдарыбыз элге түшүндүрүп келатат. Алсак, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев да, мындан үч жыл мурун, 2016-жылдагы тегерек столдо баш кийимибиз тууралуу жакшы түшүрдүргөн. Аны төмөндөгү видеодон көрүңүз!

2015-жылы, 27-июлда Темир Сариев премьер-министр болуп турганда, хиджаб, чалма боюнча түшүндүрүп, салтты айткан. Аны төмөндөгү видеодон көрүңүз!

Ал эми Чубак ажы да кыргыздын салтын туура көрүп, аны видео аркылуу түшүндүргөн. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден көрүңүз!

Парламентте бул маселе каралып, мыйзам айтылган

Ушул жылдын 25-сентябрында, бул маселе Парламентте да көтөрүлгөн. Тагырагы, дин тутуу жана диний уюмдарды каттоого байланыштуу мыйзам долбоору каралып, диний маселе боюнча талкуу болгон. Ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчисинин орун басары Замир Чотаев катышып, депутаттардын суроосуна жооп берди.

Депутат Кожобек Рыспаев мектептеги хиджаб маселеси боюнча Замир Чотаевге суроо узатканда, ал Кыргызстан светтик мамлекет болгондуктан, мектепте хиджаб кийип келүүгө тыюу салынганын билдирген. Депутат анын жообуна ыраазы болуп, бул маселе боюнча коомчулукка Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек экендигин сунуш кылган.

МИНИСТРЛИК: “Бардык окуучулар мектептик форма кийиши керек!”

Билим берүү жана илим министрлиги хиджаб кийүү боюнча мамлекеттин мыйзамын түшүндүрдү. “Конституцияга ылайык, Кыргызстан — демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет болуп саналат. Жалпы билим берүүчү мектептер да динден тышкары болуп эсептелет. Өкмөт тарабынан мектептик формага сунуштамалар бекитилген, алардын арасында үстү кара, асты ак формалар бар. «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзам менен билим берүү уюмдарында динден тышкары мүнөздөгү окутуу киргизилген. Токтомго ылайык, бардык окуучулар мектептик форма кийиши керек. Хиджаб кийген кыздарга мектеп жетекчилери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө», — дейт аталган министрлик.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.