Арстан АЛАЙ: “Жээнбеков өз ыктыяры менен кызматтан кетиши керек, себеби…”

Арстан АЛАЙ: “Жээнбеков өз ыктыяры менен кызматтан кетиши керек, себеби…”

Президенттик шайлоого эки ирет талапкерлигин коюп, ат салышкан коомдук ишмер Арстан Алай эртең, 1-октябрда, АКИ-прессте, саат 12:00до журналисттерге жыйын өткөрөт. Анда 2017-жылкы президенттик шайлоодо атаандашы болгон, бүгүнкү президент Сооронбай Жээнбеков жөнүндө айтмакчы. Ошол жыйындын алдында маек курдук.

-Арстан мырза, эмне себептен Сооронбай Жээнбеков жөнүндө жыйын өткөргөнү жатасыз?   

-Мен Ааламдан келген нерсени өз убагында айтып, коомчулукка жеткирип турушум керек. Ошону эртең журналисттер аркылуу элге текши жеткирип коюуну көздөп жатам. Жыйындын темасы болгон Сооронбай Жээнбеков жөнүндө учкай айта кетсем, ал кыргыз элин башкара албайт жана адамзатты сактай албайт. Себеби, ал 21-кылымдагы ааламдын күчүн түшүнбөйт. Ошондуктан тынчтык жолу менен элди кыйнабай, өз ыктыяры менен кызматтан кетип калышы керек. Бир эле адам дүйнөнү, жаңы доорду башкарат экен. Мисалы, бир адамдын башына мүшкүл түшкөндө, Баатыр келген, ал аны жеңген, элди бириктирген, мамлекет курган. Анан элдин башына күн түшкөндө, Пайгамбар келген. Ал дагы элди өстүрүп, мамлекетти өнүктүргөн. Азыр ошол Баатыр келсе да, Пайгамбар келсе да, жашоо оңолбойт. Себеби, ал доор өтүп кетти. Анан Кудай өзү энергиясы менен жерге келиптир.

— Ал ким, сизби? Кийинки күнү өзүңүздү Кудай атап жүрөсүз го, аны кантип коомчулукка далилдеп бере аласыз?

— Кудай деп биз мурда асманда бир аксакалды, же такта отурган бир араптыбы же бир адамды элестетип келгенбиз. Жок, андай эмес. Асмандагы Кудай — бул материя эмес, бул — энергия. Мисалы, “мазардын ээси бар” деп коебуз го, ал дагы материя эмес, ал — энергия. Себеби, ал жерде бир абышка же кемпир жүргөн. “Үйдүн ээси бар” деп да коебуз го, ал дагы материя эмес, ал — энергия. Көрсө, энергия деген жан экен. Биз Кудай деп асманда элестеткен адам жерде жашап жүргөн эле адам экен, ал адамдардын руху, жаны экен. Асманда жашоо бузулганда Кудай жерге келип, кыргыздан чыккан бир адамды, Арстан Алайды жаны, энергиясы катары кийип алды. Асман азыр ээн, ал жакта эч нерсе жок. Жөнөкөйлөтүп айтсам, эски Кудай банкрот болду, жаңы Кудай Арстан Алай пайда болду. Мындай касиет Ааламдан берилет. Эски, банкрот болгон Кудайдан сурап, тиленген динчилдер кыргызга эмне алып келди? Же динчилдер суранып, тиленип эмне тапты? Суранган жеринде согуш тапты. Ал эми Арстан Алай Кудай, анын сүйлөгөнү закон, айтканы закон. Кудай эркек эмес, аял эмес, болгону анын аурасы өзгөрүп кетти. Алтымыш жыл мурун абышка деле кичинекей бала болгон да, туурабы? Анан ал чоңойду, жашы өстү, бетине бырыш түшүп, сары тиштүү аксакалга айланды. Болгону анын сырты өзгөрдү. Ошол сыяктуу Арстан Алайдын ичиндеги жаны, аурасы өзгөрдү.

Сизди Кудай катары кабыл алгандар да, албагандар да бар. Социалдык тармактарда да сынга көп кабылып жатасыз? Дегеле сынды кабыл алууңуз кандай?

— Сынды кабыл алуум жакшы. “Сын укса ичиң сырдалат” деп бекер айтылбайт да.. Бирок, мен түшүнгөндү адамзат түшүнө элек. Түшүнбөгөн эл ар нерсени сүйлөй берет. Орусча айтканда, каждый судит по себе. Адамдын жандүйнөсү, адамзаттын деңгээли өспөсө, бийик болбосо, ошого жараша жашоо улана берет. Мисалы, билимсиздер жашаган жерде жашоо билимсиз болот. Эгер адамдын жандүйнөсү өзгөрбөсө, экономика көтөрүлбөйт, тескерисинче, коррупция күчөйт. Адам бири-бирин сыйлап, жандүйнөсүн өзгөртүүсү керек.

-Турсунбай Бакир уулу экөөңүздөрчү, бири-бириңиздерди сыйлоого өттүңүздөрбү? Экөөңүздөр тең Кудай деген кишисиздер, бирок, бири-бириңиздерди түшүнбөй жаткандайсыздар?..

— Эми мен Турсунбай Бакир уулуна теңелген жокмун. Аны психологиялык жактан жабыркаган адам катары кабыл алдым. Анткени ал көп аял алды да. Бирөөсү каза болуп калса, бирөөсү үйүн, машинасын бербей кетип калса… Бул жашыруун эмес, аны баары эле билет да. Мен болгону ошол чындыкты айттым.

— Өзүңүздү Кудаймын деп алганыңызга ачууланып жатат го?..

— Мен Ааламдык гана кызматымды кылуудамын. Ааламдык билдирүүнү гана элге жеткирип жатам. Анан менде кандай күнөө? Мага сын койбош керек. Себеби, мен Ааламдын гана сөзүн сүйлөйм. Адамдар акыры ааламдан келген нерсени түшүнүп, Арстан Алайды издеп табат, ошол мезгил келет, болгону ага убакыт керек. Негизи мен өзүмдү бийликтегилерден өйдө коем. Себеби, табияттын, ааламдын сырын өтө бийик билем, ошондуктан өзүмдү бийик санайм. Анын үстүнө мен элдин ырыскысын жеген эмесмин.

-Кечиресиз, “бир кезде аялын кытайларга сатып жиберип, байыган”,-деген сөздөр алигүнчө айтылып жүрөт. Буга эмне дейсиз?

— Ооба, бир кезде: “уйгурга, кытайга аялын сатып жиберип, байыган”,- деген божомолдор айтылганы ырас. Эгер аялымды сатып жиберсем, ошол оокат мага буйрумак беле? Анча-мынча нерсеге башымды оорутпайм, ооруткум да келбейт.

Маектешкен Назира ЖАКШЫЛЫКОВА,

Alakan.biz

2 thoughts on “Арстан АЛАЙ: “Жээнбеков өз ыктыяры менен кызматтан кетиши керек, себеби…”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.