Каныбек ИСАКОВ: “Министрликке кайрылган адамга маданияттуу мамиле кылгыла!”

Каныбек ИСАКОВ: “Министрликке кайрылган адамга маданияттуу мамиле кылгыла!”

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, мындан ары келген ар бир жаранды маданияттуу кабыл алып, ага адамгерчиликтүү мамиле жасалышы керек талабын койгону тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бизге келген ар бир жаранга маданияттуу мамиле жасалсын. Арыз-даттанууларын дыкат угуп, аларга мыйзамдүү түрдө көмөк көрсөтүп, жарандардын муктаждыктарын өз убагында чечип, министрликтин кызматкерлери ишке карата жоопкерчилигин жогорулатышы керек. Ар бир кызматкер жумуш ордуларын таза сактоого милдеттүү. Соңку жылдары коомчулук тарабынан Билим берүү жана илим министрлигине сындар көп айтылып, жарандардын ишеними төмөндөп кетти. Министрлик билим берүүчү органдын башкы мекемеси катарында өзү үлгү көрсөтсүн. Бул  республикадагы бардык билим берүү бөлүмдөрү, мектептерге чейин жайылтылып, элге позитивдүү маанай жаратып, билим берүү системасынын деңгээлин, аброюн коомдо көтөрүү боюнча иштер аткарылууга тийиш”, — деген Каныбек Исаков.

 Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы, alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.