Орусияда дайынсыз жоголгон кыргыз кыз абактан табылды

Орусияда дайынсыз жоголгон кыргыз кыз абактан табылды
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн (30-сентябрда) маалымат таратты. Алардын маалыматына таянсак, Орусияда дайынсыз жоголгон 21 жаштагы О. Р. аттуу кыз кайда экени аныкталып, ал кылган иш-аракеттери үчүн учурда абакта отурганы маалым болду. Ага баңгизатты өндүрүү, сатуу же жөнөтүү,  акыл-эске таасир этүүчү каражаттар бар өсүмдүктөрдү мыйзамсыз сатуу же жөнөтүү беренеси боюнча айып тагылып, камакка алынган.

Буга чейин дайынсыз жоголгон кыздын ата-энеси милицияга кайрылып, алардын кызы былтыр Москвага иштеп келем деп кетип, быйыл жыл башында аны менен байланыш үзүлүп кеткенин айтып, арыз жазышкан. Арыздын негизинде кыз табылып, абакта экени айтылып, каяктык экени билинди. Ал кыргызстандык, Баткен облусунун 21 жаштагы тургуну. Учурда аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.