Атамбаевдин бийлигинде, Ибраимовдун убагында “Манас” аэропортунан 5 млн доллар өлкөдөн чыгарылып кеткен

Атамбаевдин бийлигинде, Ибраимовдун убагында “Манас” аэропортунан 5 млн доллар өлкөдөн чыгарылып кеткен

Бүгүн, 1-октябрда, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) 2014-жылы “Манас” эл аралык аэропорту аркылуу өлкөдөн 5 млн доллар чыгарылып кеткени боюнча билдирүү таратты.

Алардын билдирүүсүнө таянсак, 5 млн доллардын чыгышы оффшордук компаниялардын жардамы менен жүзөгө ашканы аныкталган. Ошол учурда, аталган аэропортто иштеген жетекчилик, кызматта иштегендер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, айрым кишилер менен жең ичинен сүйлөшүп,

өздөрүнүн арам оюн ишке ашыруу үчүн жасалма кат даярдап, пайдасыз келишимге кол койгон.

Бул факт Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлгөн. 30-сентябрда тергелип жаткан иштин негизинде, шектүү катары «Манас» аэропортунун юридикалык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Б.М. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Бул ишти иликтөө токтоп калган жок, уланууда. Ага тийешеси бар делип, аты аталган адамдардын бардыгы жоопко тартыла тургандыгын Финпол кошумчалады.

Эскерте кетсек, бул кылмыш иштери болгон учурда, 2013-2016-жылдары Алмазбек Атамбаев президент болчу. Анын жандай көргөн жакын адамы, оң колу Албек Ибраимов «Манас» эл аралык аэропортунун башкаруучулугунун төрагасы эле. Атамбаев бийликтен кетээрдин алдында А.Ибраимовго сыйлык бергенген да жетишкен. «Өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана КРнын экономикасын чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн» деп, ага ыраазы болуп “Даңк” орденин тапшырган. Анда ал Бишкек шаарынын мэри эле.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.