Элвира СУРАБАЛДИЕВА: “Саркисяндын айткан сөзүнө эч кимиңер жооп бергенге жарабадыңар”

Элвира СУРАБАЛДИЕВА: “Саркисяндын айткан сөзүнө эч кимиңер жооп бергенге жарабадыңар”

Парламентте дайыма курч маселелерди көтөрүп, өз оюн ачык айтып, Кыргызстанга күйгөн, Мекенин сүйгөн, намыскөй ЖК депутаты Элвира Сурабалдиева бу жолу дагы намысы жок, кемсинтип жатса да тултуюп отуруп берген аткаминерлердин бетине айтты. 

Бүгүн, 1-октябрда экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында, ЖК депутаты Элвира Сурабалдиева Бишкекте өткөн “Евразия жумалыгында” Евразиялык экномикалык комиссия коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян бардык кыргыз аткаминерлерине көө жаапканын айтып, биздин  кыргыз аткаминерлери пайдасыз жана бюрократияга малынганын маалымдады. “Саркисяндын айтымында, атамекендик бизнесмендер жетим балдарга окшош экен. Анын мындай кемсинткен сөзүнө эч кимиңер жооп берип койгонго жарабадыңар. Ал жерде кайсыл бетиңер менен кантип батып олтурдуңар? Эмнеге бизнес аткаминерлердин кылыктары үчүн жооп бериши керек? Ишкерлер соода жүрсүн деп айласыз ЕАЭК базарларына арзан сатып жатышат.  Эркинбек Чодуев жана башкалар сыяктуу байланыштар аркылуу гана товарлар чек арадан өтө алат экен, байланыш болбосо, товарлар кайтарылып келип жатыптыр”, – деди депутат.

Эскертке кетсек, 25-сентябрда «Евразия жумалыгы» IV эл аралык форуму ачылып, ал мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында өткөн. Ага премьер-министр катышып, сөз сүйлөгөн.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.