Кадыр АТАМБАЕВ: “Атамды өлтүрүүгө жол бербеген жансакчысы үчүн күрөштү улантабыз”

Кадыр АТАМБАЕВ: “Атамды өлтүрүүгө жол бербеген жансакчысы үчүн күрөштү улантабыз”

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери, учурда № 1 тергөө абакта отурган Канат Сагымбаевдин баш коргоо чарасы бүгүн (1-октябрда) Биринчи май райондук сотунда каралмак. Сот белгисиз бир себептерден улам болбой калып, 3-октябрга жылдырылды.

Аны менен катар бүгүн Канат Сагымбаев түрмөдө канча киши менен  бир камерада отурганын жана абактын ички тартиптерин ЖАМК кабарлады. Алардын айтымында, К.Сагымбаевдин өмүрүнө коркунуч туулган жок, ал төрт киши менен “кызыл” камерада отурат. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин эч качан катардагы жарандар менен бирге отургузбайт.

Ак-Дөбөдө эл чогулуп, ал жакка Атамбаевдин баласы барып…

Кечээ, 30-сентябрда Канат Сагымбаевдин туулуп өскөн айылы — Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбөсүндө эл чогулуп, Сагымбаевге карата териштирүүнүн калыстыгын камсыз кылууну президенттен өтүнүп, кайрылуу жасашкан.

Атамбаевдин кичүү уулу Кадырбек Атамбаев Ак-Дөбөгө барып, Канат Сагынбаевдин тарапташтары менен жолукканын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ал: «Канат Сагынбаевди чыныгы баатыр деп эсептейм, себеби, ал 7-8 – августта менин атамды өлтүрүшүнө жол берген жок. Ал эч кимге ок аткан жон. Ал эч кимди барымтага алган жок. Тескерисинче, ал спецназдын жоокерлерин сактап калган. Биз анын бошотулушу үчүн күрөштү улантабыз. Эртедир-кечтир ал чыгат, анткени, Канат Сагынбаевдей адамдар Кыргызстанга аба менен суудай керек«,-деп жазган.

Эскерте кетсек,  24-сентябрда, кечке маал Аскер прокуратурасы Канат Сагымбаевди Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Адам өлтүрүүгө катышуу” жана “Массалык баш аламандыктарды уюштуруу” беренелери боюнча айыптап, суракка чакырып, 48 саатка камакка алган. 26-сентябрда, анын баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, 8-октябрга чейин №1 тергөө абагында кармоо чечими чыккан.

Эрзат МЫРЗА

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.