400 мугалимдин көзүнө акысыз операция жасалат

Кыргызстандагы билим берүү тутумунун кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо, бекемдөө жана социалдык, жеке мамлекеттик өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында Билим берүү министри Каныбек Исаков жана “Дордой офтальмик-сервис” көз микрохирургиясы медициналык борборунун башкы директору Асизбек Эшмамбетов атайын келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы 3-октябрда билдирди.

Алардын айтымында, өлкөдөгү билим берүү уюмдарынын 400 кызматкерлерине көз катарактасын алуу жана башка көз ооруларын жок кылуу үчүн жогорку технологиядагы хирургиялык операциялар акысыз жасалат. Билим берүү кызматкерлеринин катаракта жана башка көз патологиясын текшерүү үчүн офтальмологдордун тобу түзүлөт.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.