Аскар Салымбековдун кайын атасы Сулайман Мамбеталиев 90-күздү тосууда… Эртең той болот

Аскар Салымбековдун кайын атасы Сулайман Мамбеталиев 90-күздү тосууда… Эртең той болот

Чыгаан журналист, белгилүү жазуучу, коомдук ишмер Сулайман Мамбеталиев эртең, 5-октябрда 90 жашка чыгат. 90-күздү тосуп жаткан атабыз Аскар Салымбековдун жубайы, маркум Гүлмира Мамбеталиеванын атасы. Гүлмира эженин көзү тирүү болгондо атасынын торколуу тоюна катышып, каалоо-тилектерин айтмак экен. Гүлмира эженин атасы жөнүндө сыймыктанып айтканын белгилүү журналист, спорт баяндамачысы Кабыл Макешов “Журналистиканын Бакайы Сулайман Мамбеталиев 90 жашта” аталыштагы макаласында жазыптыр. Бул макалада күйөө баласы Аскар Салымбековдун да кайын атасы жөнүндө айтканы бар. Ошондой эле Кабыл мырза Сулайман Мамбеталиев атабыздын бейнесин жакшы ачып бериптир. Ошону алдыңыздарга сунуштап турубуз, окурман!

Журналистиканын Бакайы Сулайман Мамбеталиев 90 жашта

Кыргыз улуттук журналистикасынын жана басма сөзүнүн калыптанышына, өнүгүшүнө барандуу салым кошкон, анын тарыхына өчпөс из калтырган бир топ айтылуу калемгерлерибиз менен сыймыктансак болот. Бул жарык дүйнөгө келген ар бир акыл-эстүү адам өз өмүрүндө таза жашоого, элине ак кызматын өтөөгө, бактылуу турмуш курууга умтулат экен. Биз ызаат менен сөз кылганы турган, бул жашоодо 90 жаштын белин ашып, 100 жашты такымдап турган кадырлуу адамыбыз, көрүнүктүү журналист – жазуучу Сулайман Мамбеталиев мына ушундай өрнөктүү өмүр сүргөн инсандарыбыздын бири.

Учурда Кыргыз Эл азуучусу Кеңеш Жусупов бир институт, академиянын 15-20 жылдык жумушун жалгыз өзү жасап, аткарып, «Кыргыздар» деген 20 томдук эмгекти изилдеп, иликтеп, чогултуп, тарыхый зор ишти аткарды. Жаны тынбаган адабияттын, тарыхтын анык дыйканы Кеңеш агайдан Сулайман Мамбеталиевдин күйөө баласы, «Дордой» Ассоцациясынын президенти, коомдук ишмер Аскар Салымбеков жолукканда мындай деп сурап калат: – «Мындай талыкпаган эмгекчилдикти, энергияны кайдан аласыз, кимден үлгү алгансыз?» – десем, бир ирет «-Эчки-башылыктардын бардыгына кайын атаң Сулайман Мамбеталиев үлгү, өрнөк. Сулайман байкеден сабырдуулукту, эмгекчилдикти, калыстыкты үйрөнгөнбүз»,– деп жооп берген экен.

“Нарын правдасындагы” правда…

Чынында эле чыгаан журналист, белгилүү жазуучу, коомдук ишмер Сулайман Мамбеталиев кайсыл жумушта иштебесин, жоопкерчиликти, кесипкөйлүктү туу туткан адам. Нарын областтык «Нарын правдасы» гезитинде башкы редактордун биринчи орунбасары болуп көп жыл жигердүү иштеп, далай жаш журналисттердин устаты болду. Аларды катарында мектепти жаңы бүткөн мен дагы бар элем. Башкы редакторлор бул кишиге редакциянын жүгүн артып коюп, облустук жыйындарга катышып, кээде гана редакцияга көрүнүп коюп жүрчү. Ал мезгилде «Нарын правдасы» гезити Москвадан чыкчу «Правда» гезитинин көлөмүндөй чоң болуп чыкчу эле. Сулайман Мамбеталиевич таңдан кечке көз айнегин кийип, гезитте жарыяланган бардык макала, материалдарга жооптуу болуп редакциялап турчу. Үстүндө үйүлүп жаткан макала, кол жазмалардан баш көтөрбөй окуп, кээсин чийип, кыскартып, кайра жазып жатканын көрүп, ичимден аяп да кетчүмүн. Аны баары Суке дешип урматтап, ызаат менен мамиле кылышчу эле.

Кыргыз адабиятында жана журналистикада төбөсү көрүнгөн көрүнүктүү өкүлдөрү Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев, илим доктору, жазуучу Бейшебай Усубалиев, «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросунун мурдакы жетекчиси, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, маркум Султан Жумагулов, Кыргыз телерадио корпорациясынын белдүү журналисти Бөлөкбай Шеримбеков, белгилүү журналисттер, акындар Бурул Сарыгулова, Жедигер Саалаев, Ракым Асылбаев, Темиркан Токтоев, Кубанычбек Чороев, Таалайбек Дүйшөналиев, Бурулсун Дыйканбаева, Курманбек Рысбаев жана башкалар Сулайман Мамбеталиевичти биздин устатыбыз деп сыймыктанып айтып жүрүшөт. Чынында эле өзүнчө эле журналистиканын мектебин түзүп койгонун, ал түгүл 1998-жылдан бери таанымал журналисттерге Кыргызстан журналисттер Кошунунун Сулайман Мамбеталиев атындагы сыйлыгы тапшырылып келатканы, жаш журналисттерге үлгү, өрнөк болгонун калемдеши катары билип, устатым деп барктап келем.

Жаш журналисттер менен жолугушуудагы анын айткан бир сөзү эсимде: «Силер бийликтин эле арыгын чаба бербегиле, кошоматчылыкка берилбегиле, жазган материалдарыңар ушак-айыңга эмес, далилдүү фактыларга негизделиши керек». Бүгүнкү күнү да бул сөздөр өтө актуалдуу экендигин турмуш өзү далилдеди.

Эчки-башылыктар Сулайман Мамбеталиевичти «немис» деп тергеп коюшат экен...

Кыргызда «жакшы карыш керек» деген өтө терең түшүнүк бар. Бул түшүнүктө көп нерсе камтылган: тышкы келбети, ой жүгүртүүсү, жүрүм-туруму, үй-бүлөгө, коомго кылган мамилеси, жаңыланууга болгон көз карашы… Бул өңүттө алып карасак да Сулайман атабызда бир чекилик жок. Качан болсо ынтымакка чакырып, калыс сөзүн айтып, өзүнүн турмуштук философиясы менен Аксакал деген улуу сөздүн маани-маңызын даңазалап келе жатат. Эгемендүүлүк жылдарында кыргыздын баардык эле карылары мындай баага, тилекке каршы, татыбай калганын да баарыбыз билебиз. Бул киши болсо сабырдуулугу менен, калыстыгы менен, күжүрмөндүгү менен айырмаланып, катардан чыкпай, сый-урматка бөлөнүп келгени-келген. Эчки-башылыктар Сулайман Мамбеталиевичти «немис» деп тергеп коюшат экен. Бардык айылдарда кылган ишин кынаптаган, сарамжалдуу, тыкан, мээнеткеч, иштин майын чыгарган эмгекчил, кирпикке чаң жукпаган таза адамдарды «немис» деп коюшат эмеспи. Ошол сыңары Сулайман Мамбеталиевич да Он-Арча суусунун жээгиндеги салган үй-жайы, Нарын шаарына салган үйүн көргөн адам анын сарамжалдуулугуна, тыкан, иштин көзүн билген кыраакы инсан экенине баа берет. Ал кишинин интеллектуалдыгына, билиминин тереңдигине, сарамжалдуулугуна, айкөлдүгүнө замандаштары күбө болушуп, чарбачылдыгына, иштермандыгына жөн билгилигине таң берип жүрүшөт.

Бир-эки жолу мен дагы устаканасына баш баксам, балка, балта, араа, чалгы, айыл чарба шаймандарынын бир нече түрүн өз орду менен өз-өзүнчө илинип турганын, машинанын тетиктеринин тазалыгын көрүп, көзүм сүйүнүп, чыныгы немистей так жана тыкан экенине баа берген элем.

Акырын гана айтып, үнүн бийик чыгарбай туура эмес болсо түшүндүрүп же куйкум сөз менен «чымчып» койбосо, өзүң түшүнүп ал дегендей… Бардык нерсеси өз ордунда болгон, жүрүм-туруму менен балдарына, небере-чөбөрөлөрүнө үлгү болгон инсан.

Гүлмира СУЛАЙМАНОВА, кызы: Атам журналист эле эмес, педагог, психолог мугалим десем жаңылышпайм

Балдары, кыздарына билим алуусуна, кыргыз элине кызмат кылуусуна шарт түзгөн камкор адам деп билем. Нускалуу кеби, жүргөн-турганы, жашоодогу принциптери менен үлгү болгондуктан кыздары уулу маркум Сүйүндүк, кыздары Роза, Гүлмира, Жамийла, Фатима, Калима жана неберелери да атасындай сарамжалдуу, жөн-билги. Айрыкча белгилүү окумуштуу, профессор, саясат таануу илимдерини доктору, маркум Гүлмира эже атабыздай иштерман, жоопкерчиликтүү тапшырылган ишти майын чыгара иштеген иштерман инсан эле…

Эмнегедир бала кезибизде бизди урушуп тарбиялабаптыр. Туура эмес иш кылсак, жомоктотуп, бир нерселерди айтып, биздин туура эмес кылганыбызды кайманалантып күнөөбүздү мойнубузга коюп, уяткарып койчу. Азыр да небере-чөбөрөлөрүн ошентип тарбиялайт. Атам журналист эле эмес, педагог, психолог мугалим десем жаңылышпайм. Себеби бала кезибизде мектепте эле окутпай, музыкага, чыгармачылыкка аралаштырып, ар тараптуу тарбиялагандын чоң сыры бар тура. Бала кайсы кесипке жөндөмдүү болсо, ошол боюнча кесип тандоого кенен багыт алып, экинчиден, ар тараптуу тарбияланган бала адамдар менен пикир алышууга, кызматташууга жөндөмдүү болуп, айкөлдүк, адамгерчиликтик сапаттарга ээ болуу менен жан дүйнөсү бай болот экен. Атамдын бир кездеги күнү-түнү дебей балдарына жумшаган аруу тилек, ак эмгеги, бизди бирде мектепке, бирде музыкалык мектепке жетелеп билим алуу­бузга кетирген мээнетинин акыбети кайтып, балдары ар тармактуу кесипке ээ болдук”,- деп эскерген эле атасын маркум Гүлмира эже.

Аскар САЛЫМБЕКОВ, күйөө баласы: “Атабыздын өмүр жолу баарыбызга үлгү, өрнөк”

Мурда журналист катары гана таанымал болсо, азыр санжырачы, тарыхчы, жазуучу-акын Сулайман Мамбеталиевге айланды. Чыгармачылык мүмкүнчүлүгү, чарк-чамасы али да оттуу, демдүү экендигин көрсөтө алды. Китептери окурмандарга алымдуу жугумдуу болуп кетти. Себеби ал өзү билген, аралашкан эл турмушун, тарыхын, санжырасын гана жазды. Чыгармаларынын тили жатык, жөнөкөй, элестүү. Мындай терең ойлор, жүйөлүү ой-пикирлер, орундуу сөздөр эл арасында узак жашап, ооздон-оозго айтыла береринде шек жок. Бул Мамбеталиевдин бактысы, жузуучулук-калемгерлик ийгилиги, тынымсыз, талыкпай изденүүнүн үзүрү дээр элек. Мезгилди жеңген эч ким болгон эмес, бирок ал табияттын ушул өктөмүнө моюн сунбай, токсондун жолунда да күүлүү-күчтүү, демдүү бара жатканын таасын көрсөтө алды. Атабыздын өмүр жолу баарыбызга үлгү, өрнөк, – дейт “Дордой” ассоцациясынын президенти, коомдук ишмер, күйөө баласы Аскар Салымбеков.

Журналист, спорттук баяндамачы болушума Сулайман Мамбеталиевичтин эмгеги зор

Сулайман Мамбеталиев комсомолдук жетекчи кызматтарда иштеп, 1948-жылдын июнь айынан баштап журналисттик кесипке өткөн, облустук «Нарын правдасы» газетасынын бөлүм башчысы болуп иштеген. Кийин облустук радио комитетинин башкы редактору,1954-жылы Кыргыз Республикалык радио комитетинин «Акыркы кабарлар» редакциясына жооптуу редактор болуп, 1959-жылы «Советтик Кыргызстан» гезитинин адабий кызматкери, андан соң адабий катчысы, 1962-жылы Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинин партиялык турмуш бөлүмүнүн башчысы, жооптуу катчысы болуп иштеген, андан соң редактордун биринчи орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн.

Акыркы жылдары Сулайман Мамбеталиевдин калемине таандык «Жашоо чыйырлары», «Баян», «Көңүл кайрыктары», «Кылым кыйыры» жыйнактары биринин артынын бири жарык көрдү. Көрсө, анын жан дүйнөсүндө далай сырлар, ой-сезим кенчтери катылып жаткан экен да… Муну чыгармачылыктагы «феномен» десек да болот. Адатта жаш өйдөлөгөн сайын калем да ташыркай түшкөнүн көрүп, баамдап жүрөбүз. Ал эми Сулайман Мамбеталиевич болсо токсонду ашса да сергектиктин, акыл-ойдун тунуктугун, чыгармачылык эргүүнүн күчүн, соолбостугун көрсөтүп келүүдө.

Чынында эле Сулайман Мамбеталиевич – көптү билген билимдүү адам, бирок «мен муну билем, бул мындай» деп жөнү жок кур чечен боло бербеген, аз сүйлөп, көп тыңшаган даанышман инсан. Менин журналист, спорттук баяндамачы болушума, инсан катары калыптанышыма устатым катары да Сулайман Мамбеталиевичтин чоң эмгеги зор.

«Терең дайра мелтиреп, акканы билинбесе, тайыз дайра, буркан шаркан болуп тез агат» – дегендей, Сулайман Мамбеталиевич көптү билген, билим-илими терең, кадырман, нускалуу, нарктуу инсан 5-октябрда 90 жашка чыгып, журналистиканын Бакай Атасында урмат-сыйга бөлөнүп турган учуру.

Бүгүнкү күндө устатыбыз Сулайман бактылуу ата, таята болуп, дөөлөттүү карылыктын күнүн көрүп жаткан учуру. Өмүр бою күжүрмөн эмгек, маңдай тери менен баар таап келе жаткан устатыбыз менен сыймыктансак болот.

Кабыл МАКЕШОВ,

КРнын спорт журналисттер

федерациясынын башкы катчысы,

спорттук баяндамачы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.