Ырысбек МААТКАБЫЛОВ: “Сулайман кудамды жеңем Гүлмира Мамбеталиева, агам Аскар Салымбеков аркылуу тааныгам”

Ырысбек МААТКАБЫЛОВ: “Сулайман кудамды жеңем Гүлмира Мамбеталиева, агам Аскар Салымбеков аркылуу тааныгам”

Чыгаан журналист, белгилүү жазуучу, коомдук ишмер Сулайман Мамбеталиев эртең, 5-октябрда 90 жашка чыгат. 90-күздү тосуп жаткан атабыз Аскар Салымбековдун кайын атасы, жубайы, маркум Гүлмира Мамбеталиеванын атасы. Агасынын кайын атасынын 90 жылдык торколуу тою менен Ырысбек Мааткабылов куттуктаптыр. Нарын шаарындагы үйүнө тез-тез маркум Шаршенбай атасы менен барганын эстептир. Кудасынан атасы жөнүндө уккусу келээрин, айтор, көп жакшы нерсе жазыптыр.

Нарын облусунун ардактуу атуулу, белгилүү журналист, жазуучу жана коомдук ишмер Сулайман Мамбеталиевичти мен атам кудасы, маркум Шаршенбай, небереси, маркум Баатырбек, жээни Улукбек Салымбеков, жеңем, маркум Гүлмира Сулаймановна жана агам Аскар Салымбеков аркылуу тааныйм. Кичинекей кезимде Нарын шаарындагы үйүнө тез-тез барып турчубуз. Ал кудабыздын көп сүйлөбөй, абдан салабаттуулугу, терең билими, мырза жүрүш-турушу биздей өспүрүмдөргө үлгү эле. «Нарын правдасы» аттуу областтык гезиттин башкы редакторунун биринчи орун басары катары үйүнө келсе да борбордук «Правда», «Известия», «Труд» жана башка гезит-журналдардан баш көтөрбөй өңүп жатканын көрүп, бул киши качан эс алат, кантип чарчабайт, кандайча окугандан тажабайт, чоң адам, кызматкер болсо да окуй береби? деп өзүмө суроо берээр элем. Биз сабак окугандан кээде жалкоолонгонумду эстеп, бир чети уялып калчумун.

Сулайман Мамбеталиевичтин сарамжалдуулугу, иштин көзүн билгендиги кыраакылыгы мага өзгөчө таасир калтырды. Анын Нарын шаарында өзү долбоорлоп салган үй-жайын көрүп, ушундай үй салсам деп тилек кылчумун. Ошол учурда колунда барлар гана минип жүрчү «Жигули» автоунаасына түшсөк, таптаза, өзү да зыңкыйып «кычырап» жүргөнүнө абдан суктанаар элем.

Ардактуу эс алууга чыкканда туулган айылы Эчки-Башыга барып, кереметтүү Он-Арча суусунун жээгине жарашыктуу үй-жай курду. Баягы контордо калем сап кармап, макала жазып, редактор болгон кудабыз Сулайман Мамбеталиевич айылга барганда жүдөп, көнө албай жүрсө керек деп ойлоп коёр элем. Бир күнү Улукбек болуп айылына барып келдик, ошондо көргөн көзүмө ишенбедим. Баягы интеллигент, журналист, шаардык адамдын айылдагы үй-жайы, чарбачылыгын, бакчасындагы бышып турган жер-жемишти көрүп, оозум ачылып, абдан ыраазы болгон элем.

Нарынга алма-өрүк өспөйт деген жөн гана шылтоо экен. Кожогат, карагат жайнап өсүп турат. Короосундагы бодо мал, кой-эчкилери таптаза, алды кургак. Баягы мени күмөн болуп жүргөн ойлор, заматта жок болду. Айылдагылар үчүн бул адамдын жүрүш-турушу, кылган иши баарына үлгү. Коңшулары аны «Мичурин» жана “немис” деп тергеп да коюшат экен.

Бакайдай калыс, акылман, аз сүйлөп, көп ойлонгон, бир нерсе жасаса да «жети өлчөп, бир кескен» Сулайман Мамбеталиевичтен кеңеш сурап, чер жазыша сүйлөшүп атам Шаршенбай тууралуу эскерүүлөрүн уксам дээр элем. Көр-тирликтен же улуу адамдан ыйбаа кылып, шарты келбей жүрөт. Буюрса, жакын арада Сулайман Мамбеталиевичке жолугуп, атам тууралуу эскерүүсүн угам деген тилегим бар. Себеби, атам Нарын шаарындагы кудабыздын өзү курган үйүн көрүп, «биз да ушундай үй куралы» деп тилек кылган. Анан Чоң-Арыктагы, кийин Ынтымактагы үйдү баштаган элек.

70 жылдык юбилейин, кийин 80 жашка чыккандагы тоюна да күбө болуп, биз да сиздей элге кызмат кылган, эл-журтка таанылган адам бололу деп тилек кылган элем. Ошондо Сулайман Мамбеталиевич: «тилегиң кабыл болсун, элге кызмат кылган ишкер, бизнесмен, депутат, коомдук ишмер бол»,- деп ак батасын берген эле. “Жаштын тилегин берет” дегендей, мен да элиме кызмат кылууга дилгир болуп, эл-журтка таанылып, атанын уулу, «Дордойдун урпактары» деген жоопкерчиликти сезип, колдон келишинче аракет кылып келатам. Учурунда Сулайман Мамбеталиевич Нарын шаардык кеңешине депутат болсо, мен да жаштыгыма карабай, эл ишенимине ээ болуп Бишкек шаардык кеңешине эки жолу депутат болдум. Спорт, маданият тармагынын жүгүн да колдон келишинче көтөрүп келатам. Сулайман куда тарбиялап, өстүргөн жогорку билим берип, келечегине жол ачкан уул-кыздарын көрүп, мен дагы балдарымды татыктуу тарбиялайын, билим берейин деп аракеттенип келаткан чагым.

Айрыкча маркум Гүлмира жеңем биз үчүн үлгү, акыл-кеңеш берген эң жакын насаатчы адамыбыз эле. Ар дайым жеңем менен кеңешип, акыл сурачу элек. Кыйын күндөрдө Аскар агам экөө бизге жөлөк болуп турушту. Жеке эле Гүлмира жеңем эмес, Роза, Жамила, Фатима, Калима эжелер, Сүйүндүк байкелердин ыймандуу, калыс, кең пейил, адамгерчиликтүү, илим-билимдүү болушуна Сулайман куданын эмгеги зор.

Айылда чоңойгон биз үчүн Сулайман куданын үйүндөгү түрдүү китептери эле чоң китепканадай туюлчу. Чет элдик залкар жазуучулардын классикалык чыгармалары том-том болсо, илим-техника, архитектурага арналган адабияттарын, тарыхый чыгармаларын көрүп, таңданганмын. Менин китепке болгон сүйүүмдү, кызыгуумду да ушул Сулайман кудам менен Аскар агам ойготту. Ошондон тартып китеп – зор байлык экенин түшүнүп, азыр кайсыл чет өлкөгө барбайын, минтип китептерди сатып келүү мен үчүн адатка айланды. Балдарыма да туулган күнү же майрамдарда китеп белек кылам.

Сулайман Мамбеталиевич кылым жашап, биздей жаштарга өмүрүңүз өрнөк болуп, эсен болуңуз. Биз да сиздей небере-чөбөрө, кибире көрүп, Сиздей нарктуу карылыкка жетели. Бар болуңуз, 90 жаш кутман курагыңызда Бакай Атадай акыл-насаатынызды айтып, эсен болуңуз!

Ырысбек МААТКАБЫЛОВ,

КРнын Улуттук Олимпиада комитетинин вице-президенти,

Улуттук Дзюдо федерациясынын Ардактуу президенти,

«Дордой» Ассоцациясынын вице-президенти

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.