Эмгек сиңирген артист Алина Жетигенова 40 миң сомдук товардын туурасын айтып берди

Эмгек сиңирген артист Алина Жетигенова 40 миң сомдук товардын туурасын айтып берди

Жакында эле, октябрдын башында КРнын эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Алина Жетигеновага байланган 40 миң сомдук товар тууралуу социалдык тармактарга жарыяланып, кеп, сөз тараган. Анда: “Алина Жетигенова “концерттен кийин акчасын берип кутулам”,- деп январда 40 миң сомдук товар алып кетип, ушул убакка чейин акчасын бербей, качып жүрөт. Жакында ал саат 8де товардын баарын тазалоочу кызматкерге таштап кетиптир”,- деп Жика аттуу кыз социалдык тармактарга тараткан. Бул маалымат боюнча ырчы эжебизге чалып, тактадык. Ал өз чындыгын айтып берди.

Съемкадан чыгып баратсам, Асел (алып баруучу) жолугуп калып, ал: “Алина эже, сиңдимдин товарлары бар эле. Сиздин тааныштарыңыз көп го, сатышып бериңизчи”,- деп офисине киргизип, бир пальто, бир куртка, бир жеңи жок күрмө (безрукавка) берди. “Мен гастролго кетип атам, сыртта көпкө жүрүп калам”,- дегениме карабай, “жазга чейин сатылса болду”,- деп берип салды. Ошентип гастролго кетип калып баягы товарларды сата алган жокмун. Кийин, ал товардын өтпөй жатканын айтып, “товарларды алып барып берейин”,- деп сунуштасам, “албайм, акчасын бериңиз”,- деди, чыны таңгалдым. Ак көңүл жаным мейли эми, дагы бир аракет кылып көрөйүн деген жакшы ниетте товарды өзүмө калтырып койдум. Андан кийин ортодо бир топ жагымсыз чалуулар болду. “Акчасын мен берип койгом. Мага акча керек”,- деп тааныбаган аял чалып доолай баштады. “Мага товарды ким берсе, ошону менен сүйлөшөм”,- деп ал аялдан араң кутулдум. Дагы бир күнү: “Жолдошумун, ал акчаны мен бергем. Акчамды алып келип бер!”,-деп чалды. Кыскасы, товарды мен өз каалоом, өз эрким менен алып кеткендей туш тараптан кыйнашты. “Эгер товарды сатып, акчаны алып келип бербесе, анда социалдык тармактарга уят кылып чыгарам”,- деп коркутуп жазган СмСтерин Асел мага жөнөткөн. Ал менде азыркыга чейин сакталуу. Аягында Асел менен сүйлөшүп, товарларды алып барып бере турган болдум. Дал ошол күнү бир тойдон Аселге жолугуп калып, “товарларды азыр эле берип коеюн”,- десем, ал: “Эже, азыр машинам толтура товар. Эртең менен алып келип бериңиз”,- деди. Эртеси “Замананын” таңкы көрсөтүүсүнө тартылмакмын, ошол жакка баратып, өзү жок экен, офисине товарды таштап кеткем. Аселдин сиңдисин көргөн да, сүйлөшкөн да эмесмин. Анан эле сиңдиси товарды мен ага жанталашып барып, карызга алып кеткендей, акчасын бербей, качып жүргөндөй жаманатты кылып жазып чыкты. Чынында абдан ызаландым. 40 жыл сахнада жүрүп, элге арнаган ак эмгегиме, жеке аброюма шек келтиришкендер жүрөгүмдү оорутту. Айрым сайттар бул жалааны мага чалып, тактабай туруп, жайылтуу аракеттерин көрүштү жана жайып жиберишти. “Шоу дүйнө жаңылыктары” деген аккаунт  “Алина Жетигеновага чалсак өчүк, байланыша алган жокпуз”,- деп жазыптыр. Мага эч ким чалган жок. Чалса ушул нерсени айтып бермекмин. Менин телефонум эч качан өчүк болбойт. Телефон номерлерим өзгөргөн эмес. Чыгармачылыктагы кесиптештеримден сурашса деле табышат болчу. Ошондой эле бул аккаунтка болгон чындыкты жазгандардын комментарийлерин эмнегедир өчүрүп салып жатышат. Табам деген киши табат жана бир жактуу маалымат бербей, экинчи тарапты да бериши керек. Мына силер мени таап, ал нерсени тастыктадыңар, мен жооп бердим дегендей. Бул жалаа үчүн эл алдында уят болуп, уйку бетин көрбөй, жүрөк сыздап, дары ичип, жаман абалда жүргөндүктөн, коомчулукка, элге бул иш кандай болгонун, өз чындыгымды айтып койгум келди”,-дейт Алина Жетигенова.

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА, alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.