Руслан Казакбаев уулун үйлөнтүп, баласына өкүл ата Өмүрбек Бабанов болду

Руслан Казакбаев уулун үйлөнтүп, баласына өкүл ата Өмүрбек Бабанов болду

Бүгүн, 6-октябрда Бишкектеги “Консул” ресторанында Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев баласын үйлөнтүп, той өткөрүп жатат. Жакында эле Москвага учуп кеткен Өмүрбек Бабанов да келип, жаштарга өкүл ата (буга чейин Р.Казакбаев “Жаңы ордо” гезитине маек берип, “Өмүрбек Токтогулович тойго сөзсүз келет, уулума өкүл ата болуп берет деп ойлойм”,-дептир эле – авт.) болду.

Тойго ЖК депутаттары, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, экс-депутат Өмүрбек Текебаев жана башка белгилүү адамдар чакырылган.

Баарынан кызыгы, Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадыр Атамбаев дагы чакырылыптыр. Ал эки Өмүрбектин (Текебаев менен Бабановдун) ортосуна сүрөткө түшүптүр. Ошондой эле Өмүрбек Текебаев жана Өмүрбек Бабанов жубайлары менен түшкөн сүрөт социалдык тармакка жайгаштырылды. Ушул эки сүрөттү учурда коомчулук кызуу талкууга алып жаткан кези…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.