Алтыбаева менен Касымалиева Карамушкинанын бетине ачуу чындыкты айтса, ал чычалап залдан чыгып кетти… (ВИДЕО)

Алтыбаева менен Касымалиева Карамушкинанын бетине ачуу чындыкты айтса, ал чычалап залдан чыгып кетти… (ВИДЕО)

Бүгүн, 10-октябрда, Жогорку Кеңеш Кой-Таштагы окуя боюнча да маселени карашты. Анда депутат Ирина Карамушкина “эки  депутатка “басым” жасалып жатканын, алардын укугу бузулуп жатканын айтып, дагы деле депутат экенин баса белгилеп, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады. Ошондой эле ал Кой-Таштагы окуя боюнча суракка чакырылып, анын телефонун күч органдары алып койгонун, аны алигүнчө бере электигин айтып чыкты эле аны ордуна вице-спикер Аида Касымалиева менен депутат Айнуру Алтыбаева “ордуна” коюп койду.

Айнуру АЛТЫБАЕВА: “Баласынан айрылган эненин көз жашы көз алдымда турат”

Айнуру Алтыбаева көзүнө жаш алып, үнү каргылданып: “Ирина Юрьевна, мен дагы депутатмын, ошондой эле энемин. Ошондуктан анда баласын жоготкон эненин күйүтүн түшүнөм. Азыркыга чейин маркум Үсөнбек Ниязбековдун апасы, баласынан айрылган Өктөм Мамаева эненин көз жашы көз алдымда турат. Ошондой эле Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов оор абалда ооруканага жеткирилип, ал эсине келгенче палатанын эшигинде, “качан атам эсине келет?”,-деп ыйлап балдары турду. Эки күн Кой-Ташта болгон окуя боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү жана ал боюнча тергөө жүрүп жатат, ага юридикалык баа берилет деп ойлойм”,-деди.

Аида КАСЫМАЛИЕВА: “Адам өлүп жатса, сиз болсо кайдагы бир телефонду айтасыз?”

Андан кийин вице-спикер Аида Касымалиева да коллегасы Карамушкинага кайрылды: “Ирина Юрьевна, Кой-Таштагы окуядан кийин сиздин телефонуңузду тартып алса, Өктөм эженин (Өктөм Мамаева Кой-Таштагы Атамбаевди кармоодо операциясында каза болгон полковник Үсөнбек Ниязбековдун апасы жөнүндө сөз болууда – авт.) баласы өлдү. Неберелери атасыз калды. Учурда Москвада дарыланып жаткан Самат Курманкулов эми өзүнө келүүдө. 20дай адам жаракат алды. Анын баарын сиз жакшы билесиз. Баарыбыз тең адам өлтүргөндөр, барымтага алгандар же адам өлтүрүүгө аракет кылгандар кимдер экенинин так аныкталышына кызыкдарбыз. Ал жерде адам президентпи, же депутатпы, айтор, баарыбызга мыйзам бирдей. Эки жүздүүлүктүн да чеги болуш керек. Адамдык сапат деген болуш керек. Сиз болсо кайдагы бир телефонуңузду айтасыз”, — деп ачууланды.

Карамушкина дароо жооп кайтарып, «эмнеге менин айткандарыма комментарий берип жатасыз?»,  – дагы «долуланайын»,- деди эле, спикер «это не процедурный вопрос», – деп тыйып, микрофонду өчүртүп койду. Ал болсо кичинекей кыз таарынгандай таарынып залдан чыгып кетип калды. Касымалиева менен Алтыбаева туура эле ачуу чындыкты бетине айтышты, анын эмнесине чычалайт?..

Эскерте кетсек, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайындагы үйүнөн аны кармоо операциясын УКМК кечке маал жүргүзүп, ал ишке ашпай калып, кагылышуу болуп, бир топ адам жаракат алып, полковник Үсөнбек Ниязбеков окко учуп, каза болгон. Башынан оор жаракат алып, эки жолу операция болгон Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов учурда Москвада дарыланып, эми өзүнө келүүдө…

8-августта ИИМ Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзүп,  ал андагы ИИМ министринин орун басары, генерал Курсан Асанов аркылуу ишке ашып, Атамбаев өзү колго түшүп берип, УКМКга жеткирилген. Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязов, Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов, Амантур Жамгырчиевди суракка чакырылып, кармалып, 8-октябрга чейин камакка алынган. Андан тышкары, Атамбаевдин бир топ тарапкерлери күбө катары ИИМге сурак берүүдө. Депутаттар Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина суракка чакырылып, сурак берип келген. Ирина Карамушкинанын бөгөт чарасы сотто каралып, ал үй камагына чыккан. Кечээ, 10-октябрда Асел Кодуранованын бөгөт чарасы сотто каралып, үй камагына чыкты. Дал ушул боюнча бүгүн Карамушкина сөз кылып, адам өлүп жатса, темир телефонун айта калам деп эки депутаттан “тил угуп” отурат.

Үч депутаттын сүйлөгөндөрүн төмөндөгү «Апрель» тарткан ВИДЕОдон көрө аласыз!

Эрзат МЫРЗА, alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.