Коомдук ишмерлер жана интеллигенция генерал Курсан Асановду колдоп чыгышты

Коомдук ишмерлер жана интеллигенция генерал Курсан Асановду колдоп чыгышты

Бүгүн, 10-октябрда, “АкиПрессте” коомдук ишмерлер жана интеллигенция өкүлдөрү генерал Курсан Асанов колдогон  жыйын өткөрүштү. Жыйынга филология илимдеринин доктору Садык Алахан, академик Миталип Мамытов, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Адылжан Абдуллаев катышып, жылуу пикирлерин айтышты. Садык Алахан Курсан Асановдун ишин тергөөнү президент Сооронбай Жээнбеков жеке көзөмөлүнө алышын, бардыгы калыс жана мыйзам чегинде болушун суранган кайрылуу жөнөткөнүн айтты.

Эскерте кетсек,  30-августта, “АКИпрессте” СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева, Кыргыз эл артисти Дарика Жалгасынова, Кыргыз эл жазуучу Гүлсайра Момунова жана Аксакалдар комитетинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбеков журналисттерге жыйын өткөрүп, ИИМдин мурунку орун басары, генерал-майор Курсан Асановду колдоп, ага байланыштуу иш туура эместигин айтып чыгышкан.

13-августта, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Курсан Асановду кызматтан алган. Анын кызматынан кетишине ага коюлган айып себеп болгон. Тагырагы, ИИМдин Ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды» деген чечим чыгарган. К.Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып келет.

Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен Асановго козголгон ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Анын бөгөт чарасы 27-августта, Биринчи май райондук сотунда каралып, 13-октябрга чейин үй камагына чыгарылган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы, alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.