Жубайлар Дөөлөт Сыдыков менен Ырыс Окенова КТРКнын жетекчиси Жайнак Үсөн уулуна эмне үчүн нааразы?  

Жубайлар Дөөлөт Сыдыков менен Ырыс Окенова КТРКнын жетекчиси Жайнак Үсөн уулуна эмне үчүн нааразы?   

 

Бүгүн, 10-октябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков менен режиссер Ырыс Окенова жана Кыргыз Эл жазуучусу Асан Жакшылыков журналисттерге маалымат жыйын өткөрүштү. Алар КТРКнын жетекчиси Жайнак Үсөн уулунун “Манасты ким тааныйт?”, – деп, КТРКдагы Манас жөнүндөгү телеберүүгө каршы чыгып, аны жаптырганына нааразы болуп, анын кызматтан кетишин талап кылышты.

Аны уккан манасчылар социалдык тармактар аркылуу “Манас улуттун деми” аттуу флэшмобду башташты. Алгач аны Үмөт Манасчы баштап, манасчы Дөөлөт Сыдыковго өткөргөн, ал белгилүү журналисттер Элнура Кулуева менен Канышай Мамыркуловага сунган.

Ал эми Дөөлөт Сыдыков менен Ырыс Океновага жооп КТРК сайтына жайгаштырылды, аягына автору жок эле басма сөз кызматы деп жазылган. Аны толугу менен эч өзгөртүүсүз төмөндөн окуй аласыздар.  

КТРКда иштеп кеткен Ырыс Окенова менен анын жолдошу Дөөлөт Сыдыков тарабынан атайын пресс-конференция уюштурулуп жана таратылган маалымат тууралуу.

Үстүбүздөгү жылда Коомдук телерадио берүү корпорациясынын (КТРК) жетекчилиги жана чыгармачылык жамааты берүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана анын көркөмдүүлүгүн арттыруу максатында үзгүлтүксүз иш алып барууда. Берүүлөр кызуу талкууланып, алардын мазмунунан тарта формасына чейин дыкат талданып, баа берилип келет. Бул адаттагыдай эле чыгармачылык иш процесси. Ушу сыяктуу эле талаптар Ырыс Окенова жана Дөөлөт Сыдыков тарабынан даярдалып жаткан “Ким макул?” телеберүүсүнө да коюлат.

Бүгүнкү пресс-конференцияда таратылган маалыматты биз — Ы. Окенованын жана анын жолдошу Д.Сыдыковдун дарегине КТРК жетекчилиги тарабынан айтылган иш үстүндөгү эксертүүлөргө эмоцияга алдырган жообу, пикири катары кабыл алабыз. КТРК бул айтылган пикирлердин чындыкка дал келбей тургандыгын белгилейт. Өзгөчө КТРКнын жетекчилиги “Манасты тааныбайт” деген билдирүүсү негизсиз экенин баса белгилейбиз. Себеби, 2019-2020-жылдарга КТРК “Манас тууралуу” 6 (алты) дайыма чыгуучу теле жана радио берүүлөрдү даярдоодо.

Ы. Окенова менен Д.Сыдыковдун бүгүнкү пикирлери 2019-жылдын  25-сентябрында КТРКнын эфиринде орун алган “Манас атабыздын ысымы корголбой, кордолуп атат” деген “Ким макул?”  берүүсүнүн кийинки талкуудан улам айтылды деген ойдобуз. Ал талкууда “Манас эпосу тууралуу” КРнын Мыйзамы толук ачылбай, ал Мыйзамда көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылышы, анда толук суроолор берилбегендиги тууралуу сын-пикирлер айтылган. Бүгүн бул сөздөр Ы.Окенова жана Д.Сыдыков тарабынан бурмаланып коомчулукка таратылып, “Манастын” урпактарынын ички сезимдерин козгоо аракетинде айтылууда.

Бул жолугушууда Ы.Океновадан тышкары КТРКнын башкы директорунун орун басары, “Маданият Тарых Тил” каналынын продюсери жана эфирдик режиссер болушкан жана алар калыстык сөзүн айтканганга даяр.

Тактай кетүүчү нерсе: КТРК “Ким макул?” телеберүүсүн түптөөгө бир топ күч жана каражат жумшаган, ошондуктан бул берүүнү жабууга негиз жок.

Ы.Окенова жана Д.Сыдыков кыргыз элинин мурасы болгон Улуу “Манас” эпосун колдонуу менен алар Корпорациянын жетекчилигин жаман көрсөтүү максатында жалган маалыматты таратууда деп баалайбыз.

Экинчи жагынан Ы.Окенованын пресс-конференциясы КТРКнын жетекчилигине кысым көрсөтүү аракети катары баамдаса да болот. Себеби Ы.Окенова тарабынан үчүнчү тараптардан чоң көлөмдөгү акча каражаттарын алардын долбоорун телеберүүгө (эфирдик планда жок берүүгө) чыгарам деген убада менен алган деген маалымат текшерилип жаткан. КТРК мындай мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого жол бербей келген. Бул окуянын чоо-жайы коомчулукка жакынкы арада белгилүү болот деп ишенебиз.

Мындан ары дагы КТРК берүүлөрдүү даярдоодо ачык саясатын улантат, жана жогорку сапатка умтулат.

КТРКнын Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.