Атамбаев сотко келбей койгону үчүн сот жылды. Анын баягы «барбайм оорусу» башталды…

Атамбаев сотко келбей койгону үчүн сот жылды. Анын баягы «барбайм оорусу» башталды…

Бүгүн, 11-октябрда, Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевге байланышкан кылмыш иш боюнча алгачкы соттук отурум башталды. Бүгүнкүгө мурдагы эки башкы прокурор: Аида Салянова менен Индира Жолдубаева келишти. Жолдубаева журналисттердин бир дагы суроосуна жооп бербей качты. Ал эми Аида Салянова болсо бул иште тиешеси жоктугун жана бул боюнча буга чейин берген көрсөтмөсү сотто бар экенин, аны сотто уга турганыбызды айтты.

Алгачкы соттук отурумга Алмазбек Атамбаев келбей койгону үчүн 14-октябрга жылдырылды. Анын баягы «барбайм» деген «оорусу» башталды…

Эскерте кетсек, 2013-жылы Батукаев «айыккыс илдетке чалдыкты» деген таризде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган. Ал атайын машинанын коштоосу, кайтаруу менен Бишкекке жеткирилип, даяр турган самолет менен Орусияга учуп кеткен. Алты жылдан кийин, бул иш кайра жандандырылып, ага тиешеси барлар сурак берип, “кызматташуу” негизде четинен үй камагына чыгышты. Абакта Атамбаев эле калды. Ушунча кыргыздын убалына калган, «үч күндүн ичинде өлөт» деген Батукаев тиги сүрөттөгүдөй эле алты жылдан бери жыргап-куунап жашап жүрөт. Ал эми ал кримтөбөлгө убагында катуу кам көргөндөрдүн бири анын ордунда абакта отурса, башкасы сотто суралып жүрөт. Аты аталгандардын ичинен тазасы эле Аида Салянова, ага биз ишенебиз, ал чынында эле эч нерсе билген эмес, ошол учурда мыйзамдуу жагын гана айткан жана дагы деле айтууда.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.