Мурдагы министр, азыркы төрага Мелис Турганбаев дүйнө чемпиону болду

Мурдагы министр, азыркы төрага Мелис Турганбаев дүйнө чемпиону болду

Күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионаты 8-октябрда башталган. Грузия мамлекетинин Тбилиси шаарында өтүп жаткан таймаш 13-октябрда жыйынталат. Ал чемпионатка ИИМдин мурдагы министри, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (ЖАМК) төрагасы Мелис Турганбаев да барып, бүгүн, 11-октябрда төрт жолу таймашка чыгып, күч сынашып, беттешке чыккандын баарын жеңип, дүйнө чемпиону болду.

Ал 78 килограмм салмактагы (Е категориясындагы), 55 жаштан 59 жашка чейинки курактагы Иран, Украина, Казакстан, АКШ балбандары менен таймашып, төрт жолу катары менен утушка ээ болду.

Ал биринчи айлампада (1/8) ирандык Гасем Мохаммад Джохари Сефид менен беттешип жеңсе, экинчи айлампада (1/4) ал украиналык Сослан Адырхаев менен күч сынашып, жеңишке жетти. Жарым финалда казакстандык Турпалали Сулайманов менен таймашып, аны да жеңип алды. Финалда америкалык Джордж Брэдли менен таймашып, аны 4:0 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.

Эскерте кетсек, Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатка эки жолу (2016-жылы жана 2018-жылы) катышып, коло медалын алган.

Бу чемпионатта байгеге ээ болгондор…

Аталган чемпионатка Мелис Турганбаевден башка бир топ спортчулар барган. Алсак, 9-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов дүйнө чемпионатына барып, күч сынашып, коло медаль тагынды. Ал бүгүн, 11-октябрда Кыргызстанга учуп келди. Аны туугандары, достору аэропорттон гүл менен тосуп алышты. Канат Шабданбаев да таймашта коло медалга ээ болду.

9-октябрда Бердикул Караев алтын байге үчүн германиялык Вильгельм Шроедер менен таймашып, жеңилип калып, 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды.

Ал эми дагы бир ардагер балбаныбыз Билимбек Капарбеков бүгүн, 11-октябрда финалга чыкты.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.