Алмазбек Атамбаевдин сотко келбей калганына байланыштуу сот эки жолу жылдырылды

Алмазбек Атамбаевдин сотко келбей калганына байланыштуу сот эки жолу жылдырылды

Бүгүн, 14-октябрда, Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча сот болуп өттү. Сот дагы жабык эшик артында каралды, журналисттер киргизилген жок.

Бүгүнкү сотко Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов жана мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева келди. Экс-президент Алмазбек Атамбаев келбегенине байланыштуу сот эртеңкиге, 15-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соттун өкүлү Асел Равшанбекова билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевдин сотко келбей калганына байланыштуу сот отуруму дагы бир күнгө, эртеңкиге (15-октябрга, саат 14:00го) жылдырылган. Ошондой эле ал сот ЖАМКга Атамбаевди эртеңки сотко алып келүүнү камсыздоо тапшырмасы берилгенин айтты.

Эскерте кетсек, Батукаевдин иши боюнча биринчи сот 11-октябрда Биринчи май райондук сотто каралмак. Анда да Атамбаев сот отурума келбей койгондугуна байланыштуу бүгүнкү күнгө, 14-октябрга жылдырылган. 11-октябрда сотко мурдагы башкы прокурорлор  Аида Салянова менен Индира Жолдубаева келишкен. Анда да И.Жолдубаева журналисттердин суроолоруна жооп бербей качып, машинасына отуруп алып кетип калган. Ал эми А.Салянова журналисттерден качпай эле, алардын бардык суроолоруна жооп берген. Анда Аида Жеңишбековна бул иш боюнча тергөөгө болгонун айткан, аны аз күндө угарыбызды айткан. Ал буга чейин айтып келген эле маалыматтарды айтып бергенин билдирген.

Ошентип алты жылдан кийин козголгон иш мурунку президентти да абакка отургузду. 2013-жылы Батукаевди түрмөдө өтөп жаткан мөөнөтүнөн мурда андагы бийлик абактан бошотуп жиберген. Анда да аны “барктап” чыгарып, кам көрүп, шаарга чейин узатып келишкен. Абактан чыгаруу үчүн ага «айыккыс илдетке чалдыкты» деген диагноз коюлган, ошонун негизинде ал мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган. Ал атайын машинанын коштоосу, кайтаруу менен Бишкекке жеткирилип, даяр турган самолет менен Орусияга учуп кеткен. Алты жылдан кийин, бул иш кайра жандандырылып, ага тиешеси барлар сурак берип, “кызматташуу” негизде четинен үй камагына көбү чыгып кетти. Атамбаев абакта жалгыз отуруп калды. Таба эмес, тобо, Батукаевге кам көрөм деп анын ордуна өзү отуруп калып, сотко сүйрөлүүдө… Тилекке каршы, “барбайм” деген “оорусу” башталып, сотко келүүдөн дагы баш тартууда. Ошентсе да, мыйзамга баш ийүү керек! Мыйзам боюнча суракка келиш керектигин бүгүн анын адвокаты Замир Жоошев да айтты. Ошондой эле ал: “күч менен сотко алынып келиши ыктымал”,-деген.  Эртең, 15-октябрда Атамбаев күч менен алынып келиши мүмкүн…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.