Курсан Асановдун иш сотто каралып, үй камагындагы мөөнөтү жаңы жылга чейин узартылды

Курсан Асановдун иш сотто каралып, үй камагындагы мөөнөтү жаңы жылга чейин узартылды

ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үй камагындагы мөөнөтү 23-декабрга чейин узартылганы тууралуу анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова бүгүн (14-октябрда) билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди бүгүн Биринчи май райондук соту кабыл алган. Курсан Асановдун иши боюнча тергөө жүрүп жүрүүдө, бирок, генерал суракка чакырыла элек.

Эскерте кетсек, 13-августта, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Курсан Асановду кызматтан алган. Анын кызматынан кетишине ага коюлган айып себеп болгон. Тагырагы, ИИМдин Ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды» деген чечим чыгарган. К.Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып келет.

Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен Асановго козголгон ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Анын бөгөт чарасы 27-августта, Биринчи май райондук сотунда каралып, 13-октябрга чейин үй камагына чыгарылган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.