Министр Каныбек Исаков Нарындагы авариялык мектепке барды

Министр Каныбек Исаков Нарындагы авариялык мектепке барды

Бүгүн, 14-октябрда Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков иш сапары менен Нарын облусуна барды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, министр Нарын районуна караштуу Дөбөлүү айылында жайгашкан Казаалы Абиров атындагы орто мектебине барып, шарттар менен таанышып, мектеп жамаатына окуу процесске колдонуу үчүн 4 ноутбук, окуучуларга пайдалуу окуу жана адабий китептерди белек кылган.

Ошондой эле октябрдан тарта мугалимдердин айлык акысы 30%га көтөрүлгөндөн кийин, К. Абиров мектебиндеги ар бир педагог канча маяна ала турганы боюнча да маалымат берген.

Андан кийин министр Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейге барган. Окуу процесси, окуучулардын сабакка катышуусу, окуу өндүрүштүк базасы, лаборатория, цех, окуучулардын тамактануусу менен жеринде таанышып, мугалимдер менен пикир алышкан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.