Түркияда “Ыйман” фондуна бөлүнгөн 5 млн долларды талкуулашты

Түркияда “Ыйман” фондуна бөлүнгөн 5 млн долларды талкуулашты

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын президентинин алдындагы дин иштери боюнча комитеттин төрагасы, профессор Али Эрбаш менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда КР ТИМи билдирди.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн дин жана диний билим маселелери боюнча ойлорун ортого салышты. Биздин  элчи Өмүралиев 2015-2019-жылдардын аралыгында имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу, стипендия төлөө, InsanKG  маалымат порталын түзүү ж.б. долбоорлорго “Ыйман” фонду 5 млн доллар түрк грантын алганын айтып, ыраазычылыгын билдирип, “Ыйман” фондунун келечек долбоорлору жөнүндө маалымат берди.

Элчи 2019-2022-жылдары Кыргызстандагы диний абал боюнча кеңири изилдөөлөр жүрүп, медреселерде дин билими боюнча реформалар жүрөрүн, чет жерлерде билим алган кыргыз студенттерге материалдык жардам көрсөтүлөрүн кеп кылды. Түрк тарап “Ыйман” фондуна экинчи транш  катары дагы 5 млн доллар бөлүнөрү тууралуу маалымдады.

Бирок, бул маселе Түркиянын тышкы иштер министрлиги менен кеңешип, өлкө президентти бекиткенден кийин чечилерин Али Эрбаш билдирди.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кыз

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.