Аида Салянова эркек мүнөз экенин дагы бир жолу далилдеди (ВИДЕО)

Аида Салянова эркек мүнөз экенин дагы бир жолу далилдеди (ВИДЕО)

Бүгүн, 15-октябрда, Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевди  абактан мыйзамсыз  бошотуу боюнча соттук угуу Атамбаевсиз болуп өттү. Соттук угуулар башталды. Бүгүн ага төрт киши чакырылган: А.Атамбаев, К.Качкыналиев, Раимжанов, И.Жолдубаева. Үчөө катышты.  Атамбаев жана Качкыналиевдин бөгөт коюу чарасын, кылмыш ишин токтотуу боюнча келтирилген адвокаттардын өтүнүчтөрү канааттандыруусуз калтырылды. Сот тарабынан  бул кылмыш иши боюнча кийинки соттук отурум  эртеңкиге, 16-октябрына саат 10:00го  белгиленди.

Бүгүн, райондук сотто экс-прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча кезектеги сот отуруму болуп өттү. Ага келген Аида Жеңишбековнаны коридордон журналисттер токтотуп алып, суроо узатып, жооп ала алышты.

Аида Жеңишбековнанын айткандарын “Кыргызтудей” тарткан тасмадан көрсөңүздөр болот!

Эскерте кетсек, 2013-жылы Батукаев «айыккыс илдетке чалдыкты» деген таризде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган. Ал атайын машинанын коштоосу, кайтаруу менен Бишкекке жеткирилип, даяр турган самолет менен Орусияга учуп кеткен. Алты жылдан кийин, бул иш кайра жандандырылды. Бул иш боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев өзү баш болуп абакка отуруп калды. Туура, себеби, бийлик уруксат бербесе Батукаев абактан чыгып кетмек эмес. Бул иште Аида Жеңишбековна өзү айткандай, эч тиешеси жок. Ак, таза, биз ага терең ишенебиз! Аида Жеңишбековнага ден соолук каалайбыз!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.