Батукаев боюнча сот Атамбаевсиз башталып, соттук угуу эртеңкиге калды

Батукаев боюнча сот Атамбаевсиз башталып, соттук угуу эртеңкиге калды

Бүгүн, 15-октябрда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча алгачкы сот отуруму болду. Буга чейин Атамбаевдин баш тартып койгонуна байланыштуу эки жолу (11-октябрда жана 15-октябрда) жылдырылган. Бүгүн да Атамбаев келген жок, себеби ал «менсиз эле сотту баштай бергиле” деген арыз жазып бергенин анын адвокаты Замир Жоошев айтып берди. Ошентип баштапкы соттук отурум жабык эшик артында экс-президент Алмазбек Атамбаевсиз болуп өттү. Соттук угуу эртең, 16-октябрда уланат.

Батукаев боюнча ишке «Коррупция» беренеси менен 4 киши сотко чакырылган. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов. Атамбаев менен Качкыналиев абакта, Жолдубаева менен Раимжанов үй камагында. Бүгүн Атамбаевден башкасы сотко катышты.

Калыбек Качкыналиевдин адвокаттары соттон анын бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранышкан, сот аны канааттандырбай койгон. Ошондой эле Атамбаевдин адвокаттары да ага козголгон кылмыш ишин кыскартуу тууралуу соттон өтүнүшкөн, ал четке кагылган. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.