Кыргызстандык окуучулар геометрия боюнча Иран олимпиадасында эки медаль алышты

Кыргызстандык окуучулар геометрия боюнча Иран олимпиадасында эки медаль алышты

Кыргызстандык 78 окуучу (7-11-класстар) геометрия сабагы боюнча Ирандын 6-дистанттык олимпиадасына катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Олимпиадада Исхак Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинин окуучусу Барчынбек уулу Сыймык коло жана Ош шаарынын “Сема” лицейинин окуучу Адиль Абдирасулов күмүш медалды жеңиш алган. Эки окуучу тең 11-класстар үчүн олимпиаданын татаал вариантынан өтүшкөн.

“Келечек”, “Газпром”, “Сапаттын” жана Бишкектеги №61 мектептин 7-8-класстарынын окуучулары жакшы көрсөткүчтөрдү жаратып, 4-даражадагы грамоталарды алышты.

Геометрия боюнча Иран олимпиадасы 6-жолу өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 мамлекетинен 6200 окуучу катышкан.

Олимпиаданын 50 тапшырмасы Россия, Польша, Улуу Британия, Вьетнам, Голландия, Македония, Косово жана Ирландиядагы авторлор тарабынан даярдалган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.