Пахта талаасында трактор тебелеп кеткен эки жоокер каза болду

Пахта талаасында трактор тебелеп кеткен эки жоокер каза болду

13-октябрда Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы Баёвут районунда пахта терүүгө келген эки жоокерди трактор тебелеп кетип, каза болушту.

– 20 жаштан бир аз ашкан эки аскер кызматкери пахта талаасынын жээгиндеги арыкта уктап жатышкан. Аларды пахта жүктөп бараткан трактор тепселеп кетти, — деди облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын кызматкери.

Анын айтымында, жоокерлердин сөөгү алгач облустук өлүкканага, андан соң алар туулуп-өскөн Фергана облусуна жеткирилген.

Өзбекстандын көпчүлүк аймактарында пахта терүү өнөктүгү сентябрда башталган. Өлкө бийлиги жарандарды пахта талааларына мажбурлап чыгаруу учурларын токтотууну убадалаганы менен, мамлекеттик кызматкерлер пахта терүүгө чыгарылып жатканы кабарланууда.

Өз булактар билдиришкендей, облустук уюмдардагы кызматкерлердин көбүнөн пахта терүүгө «өз каалоолору менен» чыгып жаткандыгы тууралуу тил кат жаздырып алышууда. Сентябрдын башында Улуттук гвардия менен Ички иштер министрлигинин курсанттары аскердик даярдыктан өтүүнүн ордуна пахта терүүгө мажбур болушкан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.