Си Цзиньпин: «Кытайды бөлүп-жаруу аракеттери ишке ашпайт»

Си Цзиньпин: «Кытайды бөлүп-жаруу аракеттери ишке ашпайт»

Кытайды бөлүп-жарууга багытталган кандай гана аракет болбосун, ал ишке ашпайт. Бул тууралуу өлкө лидери Си Цзиньпин Непалга жасаган сапары маалында билдиргенин AFP агенттиги кабарлады.

Мындай билдирүү Гонконгдо демонстранттар менен полициянын жекшембидеги жаңы кагылышуусу болгон учурда айтылды. Бээжин буга чейин Гонконгдогу нааразылык акцияларды күчөтүүгө «сырткы күчтөрдү» айыптаган.

Укук коргоочулар менен Батыш өлкөлөрү Кытайды жарандарынын, анын ичинде Тибет менен Шинжаңдагы аз улут өкүлдөрүнүн укуктарын бузууга айыптап келишет.

2018-жылы Бириккен Улуттар Уюму Шинжаңдын түрк тилдүү жашоочуларынын миллионго жакын өкүлү «экстремизмге каршы күрөшүү борборлорунда» мажбурлап кармалып турганын, дагы миллиону «саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлерине» жөнөтүлгөнүн билдирген.

Гонконгдо нааразылык акциялар төрт айдан ашык убакыттан бери уланууда. Алгач демонстранттар кылмышка шектүүлөрдү Кытайга экстрадициялоо мыйзамына каршы чыгышкан. Кийинчерээк алардын талаптары көбөйүп, учурда шаардын автономиясын сактап калуу жана Гонконг бийлигин отставкага кетирүү талаптары айтылууда.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.