Зайырбек ЭРГЕШОВ: «Өзүн «Кудаймын» деп айткан Арстан Алайдын сөзү экспертизага жөнөтүлгөн”

Зайырбек ЭРГЕШОВ: «Өзүн «Кудаймын» деп айткан Арстан Алайдын сөзү экспертизага жөнөтүлгөн”

Бүгүн, 16-октябрда, парламентте «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды. Ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов катышып, диний маселелер боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Анда депутат Улугбек Ормонов: “Өзүн Кудаймын деп жүргөндөр кандай жазага тартылды?”,-деген суроону Зайырбек Эргешовго узатты эле, ал: «Өзүн «Кудаймын» деп жаткан адамдын айткан сөздөрүнө жараша экспертизага материалдар жөнөтүлгөн. Ошого карата чаралар көрүлөт», — деп жооп берди.

Бул боюнча Арстан Алайга кайрылсак, ал сессияны көргөнүн, өзү жөнүндө укканын жана террористтик иш кылбаганын айтып, мындай деп жооп берди. “Улуу кыргызды коркутуп, мокотуп башкарганга болбойт. Анткени, ааламдан буйрулган укугу көп. Мисалы: жамгыр жаадырган, умайлык кылган. Кыргыз – Теңирдин жердеги көчүрмөсү. Азыр да бийлик мени жоопко тарткысы келип жатат. Мен чындыкты сүйлөйм, чыныгы ишимди кылам”, – дейт Арстан Алай.

Эскерте кетсек, коомдук ишмер Арстан Алай 1-октябрда журналисттерге жыйын өткөрүп, өзүн Кудаймын деп жарыялаган. Ошондой эле ал: «президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз элин башкара албайт жана адамзатты сактай албайт. Себеби, ал 21-кылымдагы ааламдын күчүн түшүнбөйт. Ошондуктан тынчтык жолу менен элди кыйнабай, өз ыктыяры менен кызматтан кетип калышы керек»,-деп айткан.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.