Кыргызстандын эки университети Борбор Азиядагы эң мыкты 200 окуу жайдын катарына кирди

Кыргызстандын эки университети Борбор Азиядагы эң мыкты 200 окуу жайдын катарына кирди

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, Улуу Британиянын билим берүүгө адистешкен Quacquarelli Symonds компаниясы Европа жана Борбор Азиянын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүнүн эң мыкты университеттеринин рейтингин түздү.

Рейтингге жалпы 350 университет кошулган. Кыргызстандан эки жогорку окуу жайы — Борбор Азиядагы Америка университети (АУЦА) жана Кыргыз-түрк «Манас» университети мыкты 190 жогорку окуу жайдын катарынан орун алган. Биринчиси, 163-орунда болсо, экинчи окуу жайыбыз 190-катарда жайгашкан.

Рейтингидин көч башында М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети.

Мыкты окуу жайлардын тизмесин аныктоо бир нече көрсөткүчтөр менен жүргөн.  Алар: университеттин академиялык репутациясы, жумуш берүүчүлөр арасында анын кадыр-баркы, илимий публикациялардын кызматкерлердин жана студенттердин санына карата жарыяланышы жана илимий даражасы бар окутуучулардын саны.

Quacquarelli Symonds – билим берүүгө адистешкен компания. Ал 1990-жылы Нунцио Куаквелли тарабынан негизделген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.