Мурдагы судья Индира Жолдубаевага каршы көрсөтмө берди

Мурдагы судья Индира Жолдубаевага каршы көрсөтмө берди

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Батукаевдин ишине байланыштуу баштапкы соттук угуу кечээ, 15-октябрда Атамбаевсиз жабык эшик артында башталган. Бүгүнкү сот да жабык эшик артында уланды. Ага «Коррупция» беренеси менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов айыпталуучу да катары суралууда. Бүгүнкү сотко Нарын райондук сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов келип, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага каршы көрсөтмө берген. Бул тууралуу Жолдубаеванын адвокаты Алия Турумбекова журналисттерге билдирди.

Адвокаттын айтымында,  Жолдубаева президенттик аппараттын сот реформа бөлүмүн жетектеп турган учурда Эрматовго телефон чалган. Эрматовдун мындай сөзүн Жолдубаева четке каккан.

Жапар Эрматов жөнүндө учкай айта кетсек, ал судья болуп турганда Батукаев боюнча материалдарды кылдат иликтебей туруп аны канааттандырып, кримтөбөлдүн Кыргызстандан чыгып кетишине шарт түзүп берген. Ага «Көз көрүнөө калыс эмес өкүм же башка соттук акт чыгаруу», «Коррупция» беренелери менен айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Ошондон кийин, аны президент Сооронбай Жээнбеков 8-июлда Нарын облусунун райондор аралык сотунун судьясы кызматынан бошоткон.

Ал эми Индира Жолдубаеванын андагы кызматы тууралуу айта кетсек,  2010-жылы, бийлик алмашкандан кийин, ошол кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчылыгына Индира Жолдубаеваны дайындаган. Ошентип ал президенттик аппараттын сот реформалары жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүн үч жыл жетектеген. 2015-жылы 29-январда Башкы прокурор болгон. Жакын туугандарын айтсак, Чолпон Баекова бир тууган таяжеси, депутат Аалы Карашев бир тууган жездеси.

Эгер Индира Жолдубаева жөнүндө кенен билгиңиз келсе, бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.