Фото — Тбилисиде күмүш медаль алган балбан Чынарбек Изабековго эки бөлмөлүү үй белекке берилди

Фото — Тбилисиде күмүш медаль алган балбан Чынарбек Изабековго эки бөлмөлүү үй белекке берилди

Тбилиси шаарында өткөн эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге татыган балбан Чынарбек Изабековду бүгүн ЖК депутаты Мирлан Жээнчороев, шаардык кеңештин депутаттары Байсал Эргешов, Бактыбек Абдиев, коомдук ишмер, полковник Манас Акматбеков жана жаш активисттер Турсунбек Бейшенбеков, Мурат Соорбеков спорт залына куттуктап барып, башына калпак кийгизип, үстүнө чепкен жабышты.

Андан тышкары, балбан агабызга Байсал Эргешов эки бөлмөлүү квартира белек кылса, Абдиев Бактыбек ардак грамота тапшырды. Дүйнө чемпиону болгон кызыбыз Айсулуу Тыныбекова болсо машыккан залына жардам берген Чынарбек агайына ыраазычылык билдирди.

Тбилисидеги төрт таймаш

Эскерте кетсек, күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионаты Грузия мамлекетинин Тбилиси шаарында 8-октябрда башталып, 13-октябрда жыйынтыкталган. Ал мелдешке Чынарбек Изабеков да барып, 12-октябрда 46 жаштан 50 жашка чейинки курактагы балбандар арасында (C категориясы) 100 килограмм салмактагы балбандар менен күч сынашкан. Андагы таймашта төрт жолу балбандар менен беттешип, алгач казакстандык Куаныш Мырза менен күрөшүп, чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда Түштүк Африкалык Пиетер Фредерикти, жарым финалда ирандык балбан Сухраб Рахматабадини жеңип алып, финалга чыккан. Финалда ирандык балбан Али Аббас менен беттешип, бир упайга (1:2) гана жеңилип калып, күмүш медаль алган.

18 жаштагы күмүш медаль…

СССРдин чемпиону болгон 49 жаштагы Чынарбек Изабеков эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына бешинчи жолу катышып келди. Буга чейин эки жолу дүйнө чемпиону болуп, бир жолу күмүш, бир жолу коло байге алган. 18 жашында дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган. 21 жашында денсоолугуна байланыштуу спортту токтоткон.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.