Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Атамбаевдин адвокаттары юридикалык коллизияларды чеберчилик менен пайдаланып жатышат”

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Атамбаевдин адвокаттары юридикалык коллизияларды чеберчилик менен пайдаланып жатышат”

Кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча соттук угуу 15-октябрда, Биринчи май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевсиз башталып, алдын ала угуулар жабык эшик артында өтүүдө. Учурда үч киши: К.Качкыналиев, А.Раимжанов, И.Жолдубаева суралууда. Атамбаевдин талабын канааттандырган сот жана шектүү катары суралып жаткан адамдар жөнүндө оюн билүү үчүн профессор, экс-депутат Каныбек Осмоналиевичке кайрылып, маектештик.

— Каныбек Осмоналиевич, Атамбаевдин сотко келбей, баш тартып жатканын себеби эмнеде деп ойлойсуз? Экс-президент түрмөдө жатып алып да талаптарын кое баштады…

— Туура, Атамбаев УКМКнын изоляторунда жатып алып да өзүнүн талаптарын катуу коё баштады. Эми аны эч нерсе кыла алышпайт. «Керек болсо ачкачылык жарыялайм!»-деп жатпайбы, эргул! Анын адвокаттары юридикалык коллизияларды чеберчилик менен пайдаланып жатышат. Эр болсо сотко зордоп алып келип көрүшсүнчү? Көбүнүн абийирлери айрандай төгүлөт. Ошондуктан, кээ бир бийликтегилер үчүн Атамбаевдин түрмөдөн чыкпай «думбаланып» жатканы пайдалуу. Демек, соттун ар кандай чечими мыйзамсыз болот дей бергиле. Мен кээде сотко дагы боорум ооруп кетип жатат. Башынан эле бул саясый фарс болуп калганы көрүнүп турган.

УКМКнын тергөө изоляторунун начальнигинин арызы менен сот өзүнүн алгачкы отурумдарын канкор жана коркунучтуу кылмышкер Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз качырылып жиберилген фактылары боюнча эң маанилүү фигурант делинген Атамбаевдин катышуусу жок эле баштап жиберди! Баракелде! Мейли дейли. Бирок, ушуну менен курамында 19 айыпкерлер камтылган «кылымдык сот процессинин» кандай жыйынтыкта бүтөөрү дагы белгилүү эле болуп калды! «Кайран гана мурдуңа бок сүйкөлгөн кыргызым!», — деп раматылык Дооронбек (Садырбаев) аке айткан учурга дал келип турат! Мен бул фарсты акыркы 9 жылдагы кыргыз «саясатынын» эле жемиш-жыйынтыгы деп билем. Атамбаевдин өзү түптөгөн эле бийлик конструкциясынын туундулары орун ала баштады. Анын Батукаев боюнча катуу жаза тартып кетишине башында мээси бар адамдар эми ишенбей калышты.

— Бул иште көбү: «тергөө иштери менен кызматташуу» деген мыйзам менен үй камагына чыгып кетишти. Бул эмнеден кабар берет?

— Сот жообуна тартылып жатышкан 19 айыпталуучулардын ар биринин кандай тиешелери бар экендигин тергөө амалдары көрсөтпөдүбү?! Эми сот чечсин. Нарын шаарынын экс-соту Индира Жолдубаевага карата каршы көрсөтмөнү түз эле сот отурумунда бергенинин өзү эле көп нерсени айтып турат. Ал эми Атамбаевдин канкор Батукаевдин качырылышы боюнча түздөн-түз тиешеси бар же жок экендигин сот гана аныктайт. Бирок, ушул жерден мен төмөнкү ойлорумду айтып коюшум керек. Акыркы жарым жылда Кыргызстандын юриспруденциясында өтө коркунучтуу феномен пайда болду. Бул — «тергөө иштери менен кызматташуу» деген «мыйзамдаштырылган мыйзамсыз» кадамдар. Өткөн кылымдын 37-39-жылдары СССРде дал ушундай ыкмалар менен миллиондогон жазыксыз адамдар өлтүрүлүп же узак жылдарга кесилип кетишкен. Алардын арасында биздин Кыргыз ССРнин түзүүчүлөрү, саясий ишмерлер жана окумуштууларыбыз дагы бар! Эми ошол ыкма жексур кылмышкер Батукаевдин мисалында кеңири колдонулуп кетти. Мен ачык айта албайм, тергөөчүлөр кандай жолдор менен керектүү моюнга алууларга ээ болуп жатышкандыктарын. Бирок, айыпталуучулардын дээрлик баардыгы бири-бирин «сата» башташыптыр. Дал ошондой «таң калыштуу көрсөтмөлөр» эми сот процессинин негизги фактылары болуп жатат. Баракелде! Эгерде, эртеге ошол эле «азамат күбөлөрдүн» көпчүлүгү сот учурунда: «Мени зордоп айттырышкан»,-деп чыгышса эмне болот? Азыркылардын ыкмаларын байкап турсаң, балким эч нерсе деле болбойт. Менимче, керектүү саясий өкүмдөр кабыл алынат. Анан карусель башталат. Ушул эле жийиркеничтүү ыкмалар улана берет дагы бир учурда азыркы авторлор өзүлөрү дагы курмандыкка чалыныштары мүмкүн. Карапайым элдин эле шору болот! Ошондуктан: «Сот, прокуратура реформасы болгон жок!»,-деп какшап келебиз!

Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов “менин күнөөм жок” деп атат. Аксакалга ишенсек болобу?

— Азыр академик Абдухалим Раимжановго боорум ооруп турат. Мен ал кишини терең урматтайм жана жакшы билем. Гематология боюнча карапайым элге сиңирген эмгектери зор. Ал дагы мурдагы дүйнөкор, ырайымсыз бийликтин курмандыгы болуп калган окшойт. Мен ал кишинин айыпталып жүрүшүнө ишенбейм. Мындай айыптоолор дагы көбүнө коюлат. Анткени, күнөө мамлекеттик масштабда абдан чоң кетирилген. Кайдагы эле бир ууру, канкор, адам өлтүргөн шүмшүк мурдагы президентти баш кылып, убагында мен деген кээ бир өлкө башындагыларын төш кылып ыңгайсыз абалга калтырып кетти го! Кыргызстандын абийири эл аралык деңгээлде катуу төгүлдү. Биздин төбөлдөрдүн дүйнөкордук, ачкөздүк кесепеттеринин азабы болду десем жаңылышпайм! Ушуларга ишенип, аларга кор болуп жүргөн бизге да өзү убал деле жок! Эми ошол 19 фигуранттын ар бири соттун адилеттүү жана катуу өкүмдөрүн сөзсүз алышсын! Жалган жалаа менен айып тагылгандары болсо, адилет акталсын. Элдин талабы дагы ушундай. Анан калп эле жасалма өкүмдөр чыга баштаса, анда эл өз баасын берип, чукул чаралуу жыйынтыктарды чыгарып коё турган күндөр деле алыс эмес!

Маектешкен Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.