Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун сотунда эки күбө оң көрсөтмө берди

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун сотунда эки күбө оң көрсөтмө берди

Бүгүн, 17-октябрда, «Ата Мекен» партиясынын лидери, экс-депутат Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнын мурдагы министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши Биринчи май райондук сотунда каралды. Бүгүнкү соттук отурумда тогуз күбө сурак берди. Кийинки соттук отурум 28-октябрда уланат.

Бүгүнкү соттук жүрүшүн кыскача айта кетсек, пенсиядагы полковник Азат Бектемиров күбө катары өтүп, оң көрсөтмө берди. Ал: “13-майда Ошко учайын деп аэропортко барсам, бардык рейстерди токтотуп коюптур. ИИМдин орун басары Бактыбек Алымбековго чалсам, вертолет менен учуп кеткенге мүмкүнчүлүк бар экенин айтты. “Фрунзе-1” аэродомуна барсам, ал жерде Исмаил Исаков, Дүйшөнкул Чотонов, Бактыбек Алымбеков, бир нече офицерлер бар экен. Алар  менен чогуу учуп,  Оштон аскер бөлүгүнүн аянтына конгонбуз. Бизди Курсан Асанов менен Сүйүн Өмүрзаков тосуп алган”, – деди.

Ошентип, Маевский менен Модиндин калпы калкып чыга баштады. Алар 13-майда Чотонов, Текебаев менен “Супара” комплексинде жолукканын айтышкан эле.

Азат Бектемировдон кийин, экс-депутат Болот Шер көрсөтмө берди. Ал өкмөт үйүндөгү кабинеттерде кимдер олтурганын схемадан көрсөтүп, №306да Алмазбек Атамбаев олтурганын айтты. Модин дал ушул 306-кабинетти көрсөтүп, анда Текебаев олтурганын, ошол кабинетте сүйлөшкөндөрүн айткан. Ошондо эле баары калп экени билинген. Тилекке каршы, сот укмаксан болуп, Атамбаевдин буйругун аткарып келди. Дагы эле башынан сурап, кайра-кайра угуп, сотту чоюп келаткан сотко айла жок күлөсүң да.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.