Алмазбек Атамбаевден экс-президент макамын алуунун мыйзамдуулугу каралат

Алмазбек Атамбаевден экс-президент макамын алуунун мыйзамдуулугу каралат

Жогорку соттун Конституциялык палатасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун Баш мыйзамга ылайыктуулугун 23-октябрда карайт. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан. Парламенттин мындай чечимин Атамбаев таануудан баш тартып, Конституциялык палатага кайрылган. Алмазбек Атамбаев Конституциялык палата бул маселени карамайынча өзүн тергөөгө күбө катары чакырууну мыйзамсыз деп эсептеп, ага баруудан баш тарткан.

Бул окуялар өнүгүп отуруп, 7-8-августта мурдагы президентти тергөөгө күч менен алып келүү аракети башаламандык менен коштолгон. Анын жыйынтыгында бир топ адам жабыркап, ооруканага жеткирилген, УКМКнын «Альфа» атайын тобунун бир кызматкери каза болгон. Бул окуядан кийин Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Учурда ал бир нече оор кылмышка байланыштуу шек саналууда. Алардын ичинен кримтөбөл Азиз Батукаевди качыруу боюнча сот жараяны башталды. Бирок Атамбаев сотко катышуудан баш тартып турган убагы.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Алмазбек Атамбаевден экс-президент макамын алуунун мыйзамдуулугу каралат

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.