Батукаевдин 17 жылга соттолгон эжеси Яха Батукаева кандайча Атамбаев жөнүндө сурак берет?

Батукаевдин 17 жылга соттолгон эжеси Яха Батукаева кандайча Атамбаев жөнүндө сурак берет?

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин Орусиядагы бир тууган эжеси Яха Батукаева суракка алынганы тууралуу Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев бүгүн, 18-октябрда “АкиПресске” билдирген. Анын билдирүүсүнө караганда, Батукаев Орусияда сурак берген материалдар бар, анда Атамбаев тууралуу айтылбаганын баса белгилеген.

 “Спутник” сайтынын айтымында…

Мындан эки күн мурун (16-октябрда) ушундай эле маалыматты “Спутник” сайтты жазып чыккан. Аларга Атамбаевдин адвокаты билдирген, бирок ким экени, тагырагы аты-жөнү жазылган эмес. Аты жок адвокаттын айтымында, Яха Батукаева тергөөдө бир тууганы Азиз Батукаевге Кыргызстандан чыгып кетүүсүнө кандайча жардамдашкандыгын айтып берген.

“Спутник” сайты былтыр, 31-майда “Азиз Батукаевдин бир тууган эжеси 17 жылга кесилди” деген аталышта жазып чыгышкан. Анда мындай деп жазылган: “Челябинск облустук сот Яха Батукаеваны героин сактап жана аны сатканы үчүн 17 жылга эркинен ажыратканын аталган аймактын прокуратурасы билдирди. Криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин бир тууган эжеси жана Кыргызстандын жараны болгон Кабылжан Абдурахмановдун ишин сот шейшемби күнү караган. Ага ылайык, 2016-жылдын январь айында кылмышкерлер Южноуральск шаарында ижарага алган батирден Абдурахманов тарабынан алып келинген 28 килограмм героинди сактап жүрүшкөнү аныкталган. Яха Батукаева кардар таап, ага баңгизаттын 5 килограммын сатып жиберген. Калган героин кийинки соода үчүн катылган

“Азаттыктын” айтымында…

Яха Батукаева жөнүндө “Азаттык” 2016-жылы 1-февралда жазып чыккан. Анда мындай деп жазылган: “Орусияга турист катары келген бул үч жаран баңгинин ири партиясын сатууну көздөшкөн. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында алардын бири кримтөбөл Азиз Батукаевдин бир тууганы 54 жаштагы Яха Батукаева экени, дагы бир жаран Кабылжан Абдурахманов Токмок шаарынын тургуну, үчүнчүсү Хикматилло Кадыров Швециянын жараны экени аныкталган. Алар 5 килограмм баңгизатын Борбордук Орусиянын региондорунда сатуу үчүн Челябинск–Троицк жолунда бара жаткан жеринен кармалышкан. Калган заттар алардын Түштүк Уральскиде убактылуу жашаган квартирасынан табылган. Үч жаранга карата Орусияда кылмыш иши козголгону кабарланууда”.

Дегеле Яха Батукаеванын кесилгени боюнча Орусиянын да ММКлары жазып чыккан.

Ошондо кандай болуп калат?

Мына эми салыштырыңыз, кримтөбөл Азиз Батукаевдин бир тууган эжеси Яха Батукаева 17 жылга соттолуп жатат. Анан ал кандайча Алмазбек Атамбаев боюнча айтып берет? Анын суракта эмне жөнүндө айтканын ким угуптур? Атамбаевдин кызыкчылыгын жактаган адвокаты Сергей Слесарев угуптурбу же материалды барып текшериптирби? Эгер текшерсе, ал мурда эле материалды алып келмек да сотторго да, журналисттерге да көрсөтмөк. Ошондо бул жагы кандай болуп калат дейсиң да?..

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.