“Гимнди айтып бере албайсың” деген мугалим 8 жаштагы кызды желим бөтөлкө менен чапкан

Мугалим 8 жаштагы окуучу кызды желим бөтөлкө менен чаап жиберген окуя быйыл январь айында эле болгон, бирок эми гана ачыкка чыгып отурат. Бул окуя Ташкент облусунун Ангрен шаарында болгон.

Жабырлануучу кыздын апасы Наргиза Османованын айтымында, 2-класстагы кызы Согдиана гимнди айтып бере албаганы үчүн мугалимден таяк жеген. Мугалим кызын клей куюлган 200 граммдык желим бөтөлкө менен эки жолу чаап жиберген. Кызын ооруканага алып барганда мээси чайкалганын билген. Согдиана азыркыга чейин башынан жабыр тартып, дайыма кускусу келип турат.

Наргиза Османова учурунда укук коргоо органдарына кайрылган эмес. Тараптар маселени өз ара сүйлөшүү жолу менен чечишкен. Мугалим окуучу кызды дары-дармек менен камсыздоого убада кылган. “Башында алар чынында эле дары-дармектерди алып беришти. Бирок апрелде кайра ооруканага барыш керек болгондо, алар мурдагы убадаларына баш тартышты, – деди Наргиза Османова.

Ал эми окуучу кызды урган мугалимдин баласы Абдурауф Тиллабоев апасы чындап эле кызды желим бөтөлкө менен чаап жибергенин ырастап, окуучуга бардык керектүү жардамды беришкенин билдирди. Ал кыздын апасы алардын үй-бүлөсүн шантаж кылып, барган сайын көп суммадагы акча талап кылып жатканын айтып, Наргиза Османовага каршы арыз жазарын кошумчалады.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.