ШИИБ: «Арстан Алайдын айткан сөздөрү боюнча ага кылмыш иши козголду»

ШИИБ: «Арстан Алайдын айткан сөздөрү боюнча ага кылмыш иши козголду»

Коомдук ишмер Арстан Алайга кылмыш иши козголгону тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы бүгүн (18-октябрда) билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, Арстан Алайдын айткан сөздөрү боюнча ага кылмыш иши козголуп, бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмыш иш КРнын Жазык кодексиндеги 313-берене (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча өндүрүшкө алынган жана диний жана лингвистикалык экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгы менен Арстан Алайдын сөзүнө юридикалык баа берилет.

Эскерте кетсек, коомдук ишмер Арстан Алай 1-октябрда журналисттерге жыйын өткөрүп, өзүн Кудаймын деп жарыялаган. Ошондой эле ал: «президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз элин башкара албайт жана адамзатты сактай албайт. Себеби, ал 21-кылымдагы ааламдын күчүн түшүнбөйт. Ошондуктан тынчтык жолу менен элди кыйнабай, өз ыктыяры менен кызматтан кетип калышы керек»,-деп айткан.

16-октябрда, парламентте «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланган. Анда Арстан Алай жөнүндө сөз болуп, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов анын айткан сөздөрү экспертизага жөнөтүлгөнүн айткан.

Ошол эле күнү Арстан Алайга кайрылып, кандай кабыл алганын сураганыбызда ал: “экспертизанын жыйынтыгын күтөлү”,-деп, эч кандай террористтик иш кылбаганын айткан.

 Нази БАЯН кызы

One thought on “ШИИБ: «Арстан Алайдын айткан сөздөрү боюнча ага кылмыш иши козголду»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.