Аскар АКАЕВ: “Кыргызстанга диний экстремизмдин жайылып баратышы коркунучтуу жана келечексиз”

Аскар АКАЕВ: “Кыргызстанга диний экстремизмдин жайылып баратышы коркунучтуу жана келечексиз”

Туңгуч президент Аскар Акаев «Азия ньюс» гезитиндеги журналист Жамиля Нурманбетовага жакшы маек куруп бериптир. Кыргызстандын бүгүнкү абалы тууралуу туура баамдап, үч коркунучту айтыптыр.

Кыргызстандагы бүгүнкү абалыбыз, кыргыз элинин жашоосу тууралуу оюңузду айтсаңыз? Эмнелер жүрөк оорутат?

-Учурда Кыргызстанга тоскоол жарата турган үч коркунучту көрүп турам. Биринчиси – диний экстремизмдин, тактап айтсак, өлкөдөгү исламдашуунун акырындап жайылып баратышы. Бир топ ислам мамлекеттеринин мисалында исламдык радикализм акыры эл аралык терроризмге алып барарын, келечекте мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирерин көрүп жатабыз. Кыргызстан үчүн бул жол коркунучтуу жана келечексиз. Экинчиси – саясый популизм. Кыргызстанда жеңишке жеткен саясый партиялардын бир тобу элге куру убадаларды берип, ал эми турмушта алар ишке ашпай келе жатышы өтө өкүнүчтүү. Кийинки жылдагы парламенттик шайлоодо «саясый популизм алдыга чыкпайт» деп ким кепилдик бере алат? Үчүнчүсү – өлкөнүн «түндүк-түштүк» деп бөлүнүү коркунучу. Кыргызстан үчүн биримдик, эл ынтымагы эң башкы маселе экендигин, аны бекемдөө, чындоо үчүн баардык аракеттерди жумшоо керектигин баарыбыз жакшы түшүнүп, көңүл чордонунда кармообуз зарыл.

Нази БАЯН кызы

One thought on “Аскар АКАЕВ: “Кыргызстанга диний экстремизмдин жайылып баратышы коркунучтуу жана келечексиз”

  1. Аскар Акаев туура айтат. Диний экстримизмди токтотуу керек.
    Кыргызстанды сырттан карап, башка мамлекеттерге салыштырып кароо керек. Ичинде туруп караганда сырттагылар корунбойт, сыртта тургандар кыргызстанды коруп турат кайда бара жатканын.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.