Мамытканов Чодуевди «чочутуп» дебатка чакырып, министрликтин «былыктарын» айтты… (ВИДЕО)

Мамытканов Чодуевди «чочутуп» дебатка чакырып, министрликтин «былыктарын» айтты… (ВИДЕО)

Бүгүн, 21-октябрда Жайыт,  мал чарба жана балык чарба департаментинин мурдагы жетекчиси Бакытбек Мамытканов Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин фойесинде, министр Э.Чодуевдин кабинетинин жанында журналисттерге жыйын өткөрдү. Ал командировкада жүргөндө аны министри себепсиз эле кызматынан алып салганын, кызмат ордун сактап калуу үчүн акча берилээрин айтты.

“Сиз министрден кечирим сурап, акча берип койсоңуз кызматта каласыз”,-дешкенде, мен эч ишенген эмесмин. Көрсө ал сөз чын экен, бу жерде “отметка”, “собр” деген бар экен. Мен эмнеге акча берем? Эмнеге кечирим сурайм? Мени жүйөөсүз кызматтан алганы үчүн мен министрлик менен соттошом жана министрди дебатка чакырам. Ошол жерден, эгер азыр кабинетинде бар болсо баарын бетине айтып берем”,-деди Б.Мамытканов.

Бакытбек Мамыткановдун айткандарын толугу менен «Кыргызтудей» тарткан видеотасмадан көрүңүз:

Асылбек ИСАКОВ: “Мамытканов пиар-шоу кылууда, анын айткандары калп”

Министрдин кабинетине чогуу барсак, ал жок болуп чыкты, кабылдамадагы кызы анын Жогорку Кеңешке кеткенин айтты. Ал алгыча министрдин кеңешчиси Асылбек Исаков келип калып, “Бакытбек Мамыткановдун айткандарынын баары жалган жалаа, бул жөн гана шоу. Себеби, ал кызматтан мыйзам чегинде өз ыктыяры менен арыз жазып, баарын өткөрүп берип кеткен. Ал ишти илгерилете албаганы үчүн, берилген тапшырмаларды аткара албай калганы үчүн сөгүш алган. Бул боюнча биз жакында толук маалымат беребиз,-деди А.Исаков. “Кызмат орду сатылабы?”,-деген суроого, ал сатылбасын айтты.

Асылбек Исаковдун айткандарын толугу менен «Кыргызтудей» тарткан видеотасмадан көрүңүз:

Министр Чодуев экинчи жолу дебатка чакырылды…

Эске сала кетсек, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевди бул кызматка премьер-министр Мухамбеткалый Абылгазиев өзү алып келген. Тагырагы, ал анын талапкерлигин 28-майда парламентке сунуштаган, анын сунушун депутаттар колдоп (29-майда) жактырган, анын эртеси президент С.Жээнбеков токтомго кол койгон. 19-июнда, президенттин катышуусунун алдында парламентте ант берген.

Министрдин орду бош калганда жаштар да талапкерлигин койгон. Алсак,  жаш ишкер, Кыргызстандагы Күнөсканалар ассоциациясынын төрагасы Тилек Токтогазиев өзүнүн талапкерлигин сунуштаган. Ошондой эле Бакытбек Мамыткановдун дагы талапкерлиги жаштар тарабынан сунушталган.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.