Премьер-министр ишкердин табышмактуу өлүмүн тыкыр иликтеп чыгууну министр Жунушалиевге тапшырды

Премьер-министр ишкердин табышмактуу өлүмүн тыкыр иликтеп чыгууну министр Жунушалиевге тапшырды

Бүгүн, 21-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кытайлык ишкер Хуфур Абдурахемандын уурдалып, киши колдуу болгону боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, кеңешмеге катышкан ИИМ министри Кашкар Жунушалиев ишкердин жоголгондо изделип, ыкчам-издөө чаралары көрүлүп, сегиз шектүү кармалып, учурда алар тергөө абагына киргизилгени боюнча билдирген.

Премьер-министр К.Жунушалиевге ишкердин  мыкаачылык менен өлтүрүлүшү коомчулукта кызуу талкуу жаратканын айтып, ал адам өлтүрүүнү тергөө иштерин аяктап, бардык күнөөлүүлөрдү, анын ичинде «маалымат ташыгыч» ким экендигин аныктоону тапшырды.

«Иликтөөнүн жыйынтыгы менен коомчулукка чуулгандуу кылмыштын майда-баратына чейин маалымат берүү керек. Муну менен катар тийиштүү мамлекеттик органдар ишкерлерге каршы жасалган кылмыштарды алдын алуу үчүн профилактика жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн алдын алуучу комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу, баарынан биринчи жүргүзүлүп жаткан аналитикалык иштерге басым жасоо милдеттендирилет. Ошол эле учурда ишкерлерди, анын ичинен чет элдиктерди, дайыма мыйзамды карманууга жана маселелерди өз алдынча криминал менен чечүүгө аракеттенбөөгө, эгерде маселе жаралса, өмүрдү жана мүлктү сактоо үчүн милициячга кайрылууга чакырам», – деген М.Абылгазиев.

Эскерте кетсек, ишкер Хуфур Абдурахеман 4-октябрда өзүнүн машинасы менен Бишкек шаарындагы «Мадина» базарынан чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. 5-октябрда агасынын жоголуп табылбай жатканын тууралуу Свердлов РИИБге И.З. аттуу иниси арыз менен кайрылган. 4-октябрда саат 18:00дөр чамасында «Мадина» базарынан BMW X5 автоунаасы менен чыгып, белгисиз тарапка кеткени маалым болгон. Эки жумадан кийин, анын сөөгү Нарын облусунун Кочкор районунда табылып, 150 метр казылган жерге көмүлгөнүн милиция аныктаган. Адам өлтүрүүгө шектүү катары 4 киши кармалып, сурак берген. Кармалгандардын экөө мурда милиция органында иштеп кеткен.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.