Сооронбай Жээнбеков жапон императорун такка отургузуу аземине катышат

Сооронбай Жээнбеков жапон императорун такка отургузуу аземине катышат

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 20-октябрда иш сапары менен Жапонияга учуп кеткени тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, президент Жапониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат. Мындан тышкары, президент Жапониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана ал жакта жашаган, окуп, иштеген кыргызстандыктар менен жолугушат.

Президенттин басма сөз кызматынын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, президент Сооронбай Жээнбеков 21-октябрда Токио шаарында «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкы кеңсесине барып, корпорациянын ишмердиги менен таанышып, анын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танака менен жолугуп, инвестициялык кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алмашкан.

Президент «Tokyo Rope MFG» жетекчилиги менен 2017- жана 2018-жылдары Бишкектеги жолугушууларда жетишилген макулдашуулардын баары бүгүнкү күндө ишке ашканын, Кыргызстанда корпорациянын кичи ишканасы ийгиликтүү иштеп жатканын канааттануу менен белгилеген. «Бизнес инвестициялар бизге аба менен суудай керек. Биз Япония менен, Сиздикиндей ири корпорациялар менен кызматташууга кызыкдарбыз. Япония бизге көз карандысыздык алгандан бери көп жардам берди», — деп ыраазычылык билдирген президент.

Эскерте кетсек, Жапониянын өкмөт башчысы баштаган жоон топ делегация Кыргызстанга 2015-жылы келип кеткен. Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык алакалар 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.