Бекназаров баласын үйлөнтсө, Үмөталиева кызын турмушка узатты. Алардын тоюна кимдер барды?

Бекназаров баласын үйлөнтсө, Үмөталиева кызын турмушка узатты. Алардын тоюна кимдер барды?

20-октябрда «Ала-Тоо» ресторанында коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун уулунун үйлөнүү тою болуп өттү. Ага Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Алтынбек Сулайманов, Мыктыбек Абдылдаев (Азимбек Бекназаровдун кудасы), Үсөн Сыдыков барып, куттуктоо сөзүн айткан.

Ал эми укук коргоочу Токтайым Үмөталиева кенже ырчы кызы Бурашты турмушка узатты. Кыз узатуу тою «Frunze» ресторанында болуп өттү. Атактуу чыгармачыл адамдар жана белгилүү ырчылар барышты. Ошондой эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кеңешчиси Ерлан Карин келген. Ал Бураштын өкүл атасы болгондуктан тойго келгенин Токтайым айым өзү журналисттерге айтып берген. Ошондой эле ал Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси жана анын орун басары дагы тойго катышканын айткан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.