Кыргызстан CASA долбоорунун алкагында электр энергиясын 5,5 центтен экспорттоону пландоодо

Кыргызстан CASA долбоорунун алкагында электр энергиясын 5,5 центтен экспорттоону пландоодо

2023-жылдан кийин Кыргызстан CASA-1000 долбоорунун алкагында 1 кВт/саат электр энергиясын 5,5 центтен экспорттой баштайт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев билдирди.

Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, долбоор 2023-жылдан тарта иштей баштарын, учурда кыргыз тарап графиктин бардык талаптарын аткарып жатканын айтты. “Кудай буюрса, 2023-жылы CASA-1000 долбоорун ишке киргизебиз. Сиздер жакшы билесиздер, 5,5 центтен сатабыз. Мындан тышкары ГЭС реконструкциядан өткөндөн кийин бизде кошумча 430 мегаватт пайда болот. Кошумча 6 миллиард сом алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, – деди Кадырбаев.

CASA-1000 – эл аралык долбоор, 2016-жылы Дүйнөлүк банктын колдоосу менен старт алган. Анын наркы 1 млрд. 100 млн. долларга бааланууда. Долбоорго ылайык, Түштүк Азия өлкөлөрү жогорку чыңалуудагы линиянын жардамы менен жай мезгилинде Кыргызстан жана Тажикстандан жыл сайын 5 миллиард кВт саат электр энергиясын сатып алат.

Долбоордун алкагында Кыргызстандан Тажикстанга чейин жалпы узундугу 450 чакырымды түзгөн 500 кВт электр линиясы курулат.

Андан соң Тажикстандан Ооганстанга, андан ары Пакистандын Пешавар шаарына чейин 750 чакырым узундуктагы электр линиясын куруу пландалууда.

Долбоор үчүн насыяга алынган каражаттарды электр энергиясын экспорттоодон түшкөн акчанын эсебинен кайтаруу каралган.

2016-жылы 12-майда Тажикстанда CASA-1000 долбооруна расмий түрдө старт берилген.

Буга чейин Кыргызстан жогорку чыңалуудагы электр линиясын 2020-жылы бүтүрүүнү пландап жатканын билдирген.

 Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.