Таза суу долбоору үчүн Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фондунан 20 миллион доллар насыя алат

Таза суу долбоору үчүн Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фондунан 20 миллион доллар насыя алат

Өкмөт Баткен жана Талас облустарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу үчүн Сауд өнүктүрүү фондунан 20 миллион доллар өлчөмүндө насыя алууга ниеттенип жатат. Тиешелүү макулдашууну парламенттин профилдик комитети экинчи окууда жактырды.

Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин айтымында, аталган фонд насыяны 1% менен 30 жылдык мөөнөткө берүүгө даяр. Бирок кыргыз тарап долбоордун 10 миллион долларлык бөлүгүн өзү каржылашы керек.

Насыяны калкы 281 миң адамды түзгөн эки облусту таза суу менен камсыз кылууга жумшоо каралууда. Долбоор 4,5 жылда ишке ашырылышы керек.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2017-жылдагы маалыматына ылайык, өлкөдө жалпысынан 653 айыл таза сууга муктаж болчу. 2017-2018-жылдары 69 айылга суу тартылса, быйыл жыл соңуна чейин дагы 54 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландалууда. 2024-жылга чейин 530 айылда таза суу маселеси чечилет деп күтүлүүдө.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.